Прокурор Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну сурады Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, мамлекеттик айыптоо менен адвокаттардын жарыш сөзү башталды. Анда мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сурады. Прокурор Атамбаевдин ошол кездеги кеңешчиси Фарид Ниязовду, мурдагы жансакчы Канат Сагымбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесүүнү, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады. Прокурор ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен "Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси “Массалык башаламандыктар” (2021-жылдагы редакция менен - ред.) жана Жазык кодексинин 257-беренеси “Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу” (2017-жылдагы редакциясы менен - ред) күнөөлүү деп таап, тогуз жылга абакка кесүүнү соттон өтүндү. Октябрь окуясына байланыштуу аты аталган жети кишиге айып тагылган. Мындан сырткары Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди. 28-июндагы сотко Атамбаев менен Бабановдон башка бардык шектүүлөр катышты. Прокурор айыпталуучу сот жараянына катышуусу зарыл экенин айтып, отурумдун түштөн кийинки бөлүгүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген. Атамбаев буга каршы болуп, буту менен темир тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында кайтаруучулар (конвойлор) аны сот залынан алып чыгып кетишти. 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин "Ала-Тоо" аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет.
Ууру камалсын Мамлекеттин казынасын өз чөнтөгүндөй чачтыго Кыргыздын чыгаан жигиттеринин канын ичкен батукаевти бошотту ушул бир чеченди ооруп өлдү деп ким көрдү кылып койсо болот эледа
Атамбаев сени саткан давно жерини кошуп кытайга 🤣. Ертен кул болуп кордук коргондо билесин кимдин ким екенин. Байлар акчасы бар качып кетет башка жака чырылдап сен мн мен калабыз кытайга кул болуп
сокенин уурулугу жок ошон учун камабайт.Алмаздын млндогон акчаларды ,алтындарды имерип алгандыгы жана дача суудагы авариядагы адамдардын олумуно алып келген мыйзамсыз контрбанда учун эле омур бою эркинен ажыратуу керек.
Алмазбек инимбосап шығуынызбен Садыр дұрыс жасадыныз президенттер сиздей болсын Садыр Жапаров ен кушти президент колынан бари келет екен Өмир жасыныз ұзын болсын Рахмет
УЧУРДА ЭН Мыкты ЭМКЕГИ Синген ПРЕЗИДЕНТТИБИС АЛМАЗ ШАРШЕНОВИЧУ ОЛКОДО ЭЛ УЧУН жакшы Кызмат кылган БЕЛГИЛУУ!!!!СТАБИЛНОСТЬ Мир на БИРИМДИКТЕ ЖАКШЫ БОЛГОн,,,,👍
Атамбаеа эн акылдуу баардык мамлекеттин през-ри менен колунда кагазы жок тен ата суйлошконду билчи,керек болсо кээбири коркчу азамат алга чон кудай колдосун!!!!!!!
Эл биригиш керек ынтымак болуш керек болунунуп аргимибиз ар партияны колдой берсек онукбойт Кыргызтан Бардык эл бир партияны колдош керек ошондо партиялар биригет
Атамбаев жакшы иштеген Россия га таможня кошуп жакшы кылган патент кылбайбыз садыр келди каяктагы медосмотр тапшрып кыйнап атат садыр болбойт арам жолго барат
Оо менин бир туугандарым бироону жакшы корсон Аллаанын ыраазылыгы учун жакшы королу. Ал жаман корсонуз да Аллаанын ыраазылыгы учун жаман королу ин шаа Аллаа. Ошондо биздин ыймандарыбыз толук болот СУБХААНАЛЛА.