Өткөн аптада Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы сейил бактын чек арасын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык парктагы мыйзамсыз курулуштар түшкөн жер тилкелери Бишкек мэриясына өтүп, жооптуу адамдар менен прокуратура иштеши зарыл. Бул токтом кандай иштейт? Ататүрк паркындагы курулуштардын тагдыры кандай болот? Бул ирет ушуну талкуулайбыз. Студияга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров, Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков келди.
Талкууну Кубат Оторбаев алып барат.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -ru-vid.com/show-UCs_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
15 апр 2024