13-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 3 млн сомго салынган спорт зал пайдаланууга берилди.
Ал 2021-жылы элдин демилгеси менен ашар жолу менен курула баштаган. Алгач жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 600 миң сом каралып, бетондоо иштери бүткөн. Бирок акча каражатынын жетишсиздигинен курулуш токтоп калган. 2023-жылы акчалар бөлүнүп, курулушу улантылган.
Буга чейин айылда спорт зал жок болчу.
12 май 2024