Баткендик Мунарбек Камалов кулпунай өстүрүп киреше табууда. Ал өткөн жылы тиккен кулпунай көчөттөрдөн быйыл түшүм алып баштады.
30 сотых аянттагы көчөттөн бир теримде эле 1,5 тоннадай түшүм жыйнады. Түшүмдүн 1 кг 160 сомдон сатылды. Жалпы 60 сотых аянтта кулпунай бар.
Дыйкан кулпунайды өстүрүү үчүн 700 миң сом чыгаша болгон. Керектүү иштердин баарын үй-бүлөсү менен аткарган. Эми түшүм ала баштады.
12 май 2024