Тёмный

Баткен коогалаңынын актай барактары (1-бөлүм) 

Азаттык
Подписаться 2,2 млн
Просмотров 358 тыс.
50% 1

#БаткенКоогалаңы
Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурунку кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.
Cогушкерлер 1999-2000 - жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн ӨИК кара байрагы илинип турган, кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган.
Чек араны 200дөн 1000ге чейинки согушкер бузуп өткөн.
Аскердик операцияга 1500-2000 аскер тартылган.
53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жаракат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге жеткен.
Баткен коогасынын актай барактарын окуянын күбөлөрү менен чогуу ачабыз.
Баткен коогалаңынын актай барактары (1-бөлүм)
• Баткен коогалаңынын ак...
Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм)
• Баткен коогалаңынын ак...
Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм)
• Баткен коогалаңынын ак...
Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм)
• Баткен коогалаңынын ак...
Баткен коогалаңынын актай барактары (5-бөлүм) • Баткен коогалаңынын ак...
Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так (6-бөлүм) | Даректүү тасма
• Баткен коогасы: Ак-Таш...

Опубликовано:

 

2 окт 2019

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 604   
@azattykradiosu
@azattykradiosu 2 года назад
Баткен коогалаңынын актай барактары (1-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-Q3N4mE2dL0k.html Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-Aec3mNAmfcc.html Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-dy3WRH2vH2E.html Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-mGw5MjwSm4k.html Баткен коогалаңынын актай барактары (5-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-kKXwdBj-xfs.html Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так (6-бөлүм) | Даректүү тасма ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-nYCtUb4evCw.html
@GTE.KG.KR.13.05.
@GTE.KG.KR.13.05. 4 года назад
Баткен согушуна катышып тоосунда тоңуп курал кармап элди жерди коргогондорго таазим.
@user-hq5jy9td9k
@user-hq5jy9td9k 4 года назад
Менин атам барган. Анда мен 5 жашта элем. АТАМ менен сыймыктанам, менин атам эн сонун адам.........
@rustamsulaimanov9610
@rustamsulaimanov9610 4 года назад
Мен Таластан болом бирок ар бир кыргызды жакшы кором. Баткен эли сиздер менен сыймыктанам.
@user-gt5su6ni4i
@user-gt5su6ni4i 4 года назад
Эй азамат биз да сени жакшы көрөбүз ушул сөзүң өзү дем күч арбир кыргызга
@user-ef2kz3dm1k
@user-ef2kz3dm1k 4 года назад
Бир тууганымсын👍
@rustamsulaimanov9610
@rustamsulaimanov9610 4 года назад
@@user-ef2kz3dm1k албетте бир тууганбыз!
@user-si5jj2xq8m
@user-si5jj2xq8m Год назад
Сизге омур ден соолук каалайм,сиздей адамдар коп болсун мен туштук мен тундук дебеген .
@user-xm6jl9wi3s
@user-xm6jl9wi3s 4 года назад
99,2000- жылы биз да кызмат отогонбуз Кожоашкен Коргон Зардалы Жопаяда.Нак чек арачылар Баткендин эли аман болгула.
@urmattolomuwov7167
@urmattolomuwov7167 4 года назад
Мелис эң туура айтасың мен да ошол жерде кызмат кылганмын азыр да кызматта.
@user-pd8kf7dm5z
@user-pd8kf7dm5z 4 года назад
аман болгула кыргызым
@onlyonenk01
@onlyonenk01 Год назад
Акмырза атадан (айылдын ак сакалы) Аллах ыраазы болсун, чыныгы баатырлык, эрдик корсотуптур, озунун эли учун, мекени учун жанын тобокелге салып суйлошууго барган
@user-kg4cu7hw3k
@user-kg4cu7hw3k 4 года назад
Баткендин Элин озунчо мазактайсынар эн эржурок Эл баткенде буйруса Кыргызтанга барсам Баткенге барам бсосуз
@user-wb2sx5wn8i
@user-wb2sx5wn8i 4 года назад
Неге барасын
@user-kg4cu7hw3k
@user-kg4cu7hw3k 4 года назад
@@user-wb2sx5wn8i коргонуда Баткен Нарынга баралекмин. Тосуп алайынбы девалба анан😊
@user-wb2sx5wn8i
@user-wb2sx5wn8i 4 года назад
@@user-kg4cu7hw3k макул
@user-kg4cu7hw3k
@user-kg4cu7hw3k 4 года назад
@@user-wb2sx5wn8i сен баткендесинби эмне же Москвадабы?
@user-wb2sx5wn8i
@user-wb2sx5wn8i 4 года назад
@@user-kg4cu7hw3k москвпдамын неге же тырыштырайын дейсинби мен чоон аялмын 55 жашта
@dsnmatbekov1528
@dsnmatbekov1528 3 года назад
Баткенчил дейбиз, мына чыныгы нукура Кыргыздар, баатырлар, патриотор ,мекенчилдер , данк сиздерге эр журок эл .
@Birimdik-kg-tv
@Birimdik-kg-tv 4 года назад
Баткендиктер молодцы солдаттар жок болсо деле оздору жерди коргошот Оштон салам👍👍👍👍👍👍
@abdusalamashirov9138
@abdusalamashirov9138 4 года назад
Баткендиктер кучтуусуздор негизи ошол мезгилдеда азыр дагы 💪🏻 Баткендик экениме сыймыктанып кеттим 😇
@user-ud3qu7hz1c
@user-ud3qu7hz1c 3 года назад
Кыргыз элим, жерим Деген эр азаматтар кобойсун. Бар болгула кыргыздын ЖИГИТТЕРИ!!!
@user-wu9og1wg3q
@user-wu9og1wg3q 4 года назад
Ушул айткандарды кино кылып чыгарсанар урпактарыбыз башка элдер тарыхыбызды , кыргыз элинин эрдигин корушмок
@user-ur6bb9yh1e
@user-ur6bb9yh1e 3 года назад
ЭН ТУУРА БУЛ ЧЫНДЫК ТАРЫХ А КАЗАКТАР БОЛГОН НЕРСЕНИ БОЛДУ ДЕП ТАРТАТ
@saparbekasanov2368
@saparbekasanov2368 3 года назад
Эң туура сунуш, колдойм
@abdusalamashirov9138
@abdusalamashirov9138 4 года назад
Олтуруп салышынан коркпой алты жолу суйлошууго барганын карагыла, азыр бир жолу колго тушуп дагы кайра барбайт эч ким
@jakshybala4113
@jakshybala4113 4 года назад
Айтпа. Молодец.
@naziramurzalieva1597
@naziramurzalieva1597 4 года назад
Акмырза ата сиздей аталар коп болсо экен Баткен согулушуна катышкандарга таазим Аман болунузбар ! Курман болгондорго эч унутпайбыз
@user-qo2xc4gp4b
@user-qo2xc4gp4b 4 года назад
Кайталап суйлошууго барган АКМЫРЗА байкенин омуру узун болсун...
@dinarabekbaeva3492
@dinarabekbaeva3492 Год назад
Ушунча жылдан бери ушул Баткендик туугандарда тынчтык жок. Окмот маселени чече албай, байкуш Баткен эли чек арага чеп болду. Бутундой Баткен элине ыраазычылык , таазим !!!
@MSMANI
@MSMANI 4 года назад
Эх кыргызым мурунку ата бабаларыбыз намыстуу келишкен азыркы поколениядагы кыргыздар жаштар бирин бири душман корот кыргызстанды 3-4 ко болуп ынтымак жок баткендик туугандар силерге рахмат буйурса менда баткенге куйо бала болом
@user-tk1db3pk6e
@user-tk1db3pk6e 4 года назад
Мен да баргам эн биринчилерден болуп вв мвд деп биз барганбыз.ошол жети солдат бизди алмаштырган болчу жаткан жери жайлуу болсун
@duishaarapov5733
@duishaarapov5733 4 года назад
Жети баатыр айдаркендин сырт айылында курман болушкан,жайлари жаннаттан болсун.
@maratnamazbekov2571
@maratnamazbekov2571 4 года назад
Канатбек байке кандайсыз номеринизди береаласызбы? Же 777538654 ушул номирдемин чалыпкойозузбу.
@user-xk8nw9nk4n
@user-xk8nw9nk4n 3 года назад
Э досум кайсы призыв элен мен 2/98 15-ротада служба кылып ошол жака барган элем сени эстей албадымда
@user-ps9es6zv1z
@user-ps9es6zv1z 4 года назад
1999 жылы августа срочно атамды алып кетишкен. Апам ыйлаб эртеси куну воен коматка барган 3 кун атамды издеп ыйлап жургон. Эч ким эч нерсени билбем деген. Воен каматан апамын 2 туганы жолугуп калган алар тапган кейин апам уйго кайткан атам Баткенге кеткен бир ай дегенде кирип келген. Мен жаш кызлем атамды коруп ыйлап жыбергенмин. Азар деле ыйлап жазып жатам.жакшы атамды Аллах сактады 20 жыл ичинде биз атам менен коп нерсени чечтик коп нерсеге жетиштик. Ата мен сиз менен сыймыктанам. Ар датим биз менен болугуз. Согуш болбосун.
@toktogulrahmanuulu8873
@toktogulrahmanuulu8873 4 года назад
КООГАЛАН ДЕБ КОЙ ТАШТАГЫ АШАНЫН ЧЫККЫНЧЫ ТВАРЛАРЫНЫ АЙТАТ БУЛАР ЧЫККЫНЧЫ АШАНЫ КОРГОГОНДОРДУ ТУРМО ТОЛЬКО ТУРМО ЭШЕКТЕР АРАМКОРЛОР
@anashhonda5816
@anashhonda5816 4 года назад
1999-2000 жылдары озбек ислам теролистери тажатса ошол кезде эле бишкектеги военный базаны баткенге которуш керек эле
@xiomiredmi6058
@xiomiredmi6058 3 года назад
Мен дагы 1999-жылы согушта болгонмун ошол кезде солдат болчумун .азыр бизди эчким эстебейт
@user-xt4nc4ht5z
@user-xt4nc4ht5z 3 года назад
Биз эстейбиз
@FatimaFatima-rg3yw
@FatimaFatima-rg3yw 4 месяца назад
Аллахымдын эсинде болунуздар❤
@kurbanbekmuktarbekovich4741
@kurbanbekmuktarbekovich4741 4 года назад
Акмырза байке азаматсыз !!! Омурунуздон береке табын !!! Мамлекет сыйлык бербесе жок Алладан калбан !!!
@beamngdrivecrash7196
@beamngdrivecrash7196 3 года назад
Тиги аким чалыштын сүйлогонүн кара 13 күн журуп бошотуп чыккан айыл башчынын атын билейт экен ырысы жок.
@user-yu1qt6zb8v
@user-yu1qt6zb8v Год назад
@@beamngdrivecrash7196 мен дагы ошонусуна тан калдым. Айыл башчы чыныгы баатыр экен
@azattykradiosu
@azattykradiosu 2 года назад
Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так (6-серия) | Даректүү тасма ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-nYCtUb4evCw.html
@reallyfor7763
@reallyfor7763 Год назад
Таластан Баткенге жалындуу салам болсун ♥️
@azattykradiosu
@azattykradiosu 4 года назад
Баткен коогалаңынын актай барактары (соңку бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-kKXwdBj-xfs.html
@azattykradiosu
@azattykradiosu 4 года назад
Баткен коогалаңынын актай барактары (1-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-Q3N4mE2dL0k.html Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-Aec3mNAmfcc.html Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-dy3WRH2vH2E.html Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-mGw5MjwSm4k.html Баткен коогалаңынын актай барактары (соңку бөлүм) ru-vid.com/video/%D0%B2%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BE-kKXwdBj-xfs.html
@QwertyQwerty-gj3xf
@QwertyQwerty-gj3xf 4 года назад
Менин жолдошум дагы телевизордон Акаев суйлоду Баткенге кол салыптыр деп эртен менен туруп Октябрский военкоматка барып келип туштон кийин эле элимди жеримди коргойм деп бизди 3 балам менен таштап коюп кеткен менин Баткенди коргойм дейсин биз кантип оокат кылабыз Мен иштебей уйдо отурам Балдар менен кантип жашайбыз дегениме карабай оз ыктыяры менен кеткен.Ал кеткенден кийин балдарым менен ачка калганбыз. Анан жумуш издеп Орто сай базардан Дамир Элмира деген адамдар пирожки жасаганга жумушка алышып жардам беришкен.Эч ким ал акыбалыбызды сураган да эмес.Жолдошумдан 2 ай кабар болгон жок Олгондор жонундо угуп калып военкаматка барып сурасак Баткенде штабда экен деп коюшту .Корсо штабда эмес тоолордо журушуптур арыктап келген аябай эски тушонка жеп журдук деп.А телевизордон айтып атышты бизнесмендер базарда сода кылгандар карапайым адамдар продукты сигарет ж б жардамдарды берип жатышат деп.Бирок биз аларды коргон жокпуз 71 жылкы тушонкаларды деп жургонбуз макорка чегип деген.Кийин жолдошум ооруп калып пенсияга чыкканга военкоматтан справка алып кел дегенинен барсам беришпей бар кабинеттен бири бирине жумшап ыйлап кеткем ошондо военкоматтан.Азыр ырас жакшы Баткенчилер статус алып 2018 26 октябрь Баткенчилер куну болуп карап калышты
@nurbekkurmanbekov1997
@nurbekkurmanbekov1997 4 года назад
Qwerty Qwerty ден-соолук тилейм Жолдошунузга ТААЗИМ!
@QwertyQwerty-gj3xf
@QwertyQwerty-gj3xf 4 года назад
@@nurbekkurmanbekov1997 ракмат
@alikdosmatov8862
@alikdosmatov8862 4 года назад
Мындай оз ерки менен согушка барган адам чанда кездешет таазим кылуу керек азыр тынчтык заманда андай согушка емес жонокой армияга оз ерки менен барбайт бул ак сөз.
@user-vz1fh1ww8j
@user-vz1fh1ww8j 4 года назад
7 баатырга тазим обондун балдары болгон ошондо маладес еч качан унутулбайсынар 7 баатыр елесинер ар дайым есибизде
@user-xv5wh1vc9s
@user-xv5wh1vc9s 4 года назад
Биздин айылдан да 1 киши барган оз ыктыяры менен олуп калсам эч кимге доом жок деп кол коюп кеткен экен мекенди коргойм деп кеткен ал убакда элдер ото оор жашоодо болчу чындыгында
@gulitairova8096
@gulitairova8096 3 года назад
Баткен согушу кыйын загыра жеген убак эле жигиттер чооң рахмат, кайнимда катышкан аны эчким ойлобойта озуда мактанбайт,жон гана эскерип койот
@user-wn9ue7nh6f
@user-wn9ue7nh6f 4 года назад
Менда барганмын мин, батда капитан Тургунов менен август---наябрь айында Баткенчиларга Салам
@jakajaka1865
@jakajaka1865 3 года назад
Ден соолугунуз бекем омурунуз узун болсун.
@user-ny5vb6zv1u
@user-ny5vb6zv1u 4 года назад
Анча мынча айыл башчынын колунан келе бербеген иш азаматсыз Акмырза Тагаев
@nazikb2706
@nazikb2706 3 года назад
Аким , айыл башчы Жана суйлошууго барган айыл тургуну жоокерлерге чооон таазим🙏😪😪😪
@user-pz4sf4gm7f
@user-pz4sf4gm7f 4 года назад
Аллахым Мекенибизге Тынчтык Берсин
@user-dw8ml3cp3i
@user-dw8ml3cp3i 4 года назад
Баткендин эли чыныгы баатыр Эл дайым эрдик коргозуп чек араны кайтарып келишет баарына баатыр наамын берсе да болот
@nurtilekasanov628
@nurtilekasanov628 4 года назад
Атам командир рота болгон 7 террорист жок кылган калганы качып кеткен экен
@kairatturdubaev1304
@kairatturdubaev1304 3 года назад
Менин атам да Кулматов Саит Баткен согушуна барган. Ата сиз менен сыймыктанам!!!!
@versusvs2923
@versusvs2923 4 года назад
Ошо мезгилде атам аскерлер менен журуп видеого тушургон биринчи журналист, азыр ошол архив видеолору эн маанилуу жана тарых,
@user-sg5ph5kj4u
@user-sg5ph5kj4u 4 года назад
Акмырза Аксакал Омрунуз узун болсун Мамлекет ушундай Инсандарды кичне Сыйлык менен колдоп Конлун которуп койсо болмок Акмырза Аксакал Сизменен сыймыктанса болот
@user-sx7wh3fv8v
@user-sx7wh3fv8v 3 года назад
Аширбек Бакаев биздин комбирик болчу 1999 2000 жылдары Баткенде кызмат кылганмын тынчылык болсун Кыргызстанымда
@user-js3jt2vs5v
@user-js3jt2vs5v 3 года назад
Кыргыз Элис бар болсун ардайым тынчтык амандык болсун.,👍👍💪💪
@user-xm7yw5vw5i
@user-xm7yw5vw5i Год назад
Баткен элине таазим ким коруп атса 👍
@user-fo9vd3ct2q
@user-fo9vd3ct2q 3 года назад
Баткен согушунун ардагелерине жоокерлерине таазим этебиз.Курман болгондорго бейишин берсин.Баткен эли кучтуу эл.
@maratkarabekov4132
@maratkarabekov4132 4 года назад
Азаматсынар мекен сакчылары Аллах ыраазы болсун баарынардан! Бейиши менен сыйласын амин
@user-ci9xj9he4w
@user-ci9xj9he4w 4 года назад
Кыргыз элимдин чеги бузулбасын эр азаматтарыбыз аман болсун
@user-od9oo4mx8r
@user-od9oo4mx8r 4 года назад
Баткен жоокерлерине Баткен элине таазим🙏. Мекенибиздин дарбазасын коргодунар, дагы эле коргоп келе жатасынар . Бийликтин шалакылыгынан канча жоокерлерибиз кырылды!
@user-ji1mt7kq2j
@user-ji1mt7kq2j 10 месяцев назад
Ошол жакта Курман болгондордун жайлары жаннаттан болсун Курсан Сайпидинов авам болчу
@user-qw1or2lb9d
@user-qw1or2lb9d 4 года назад
рахмат видеону тарткан адамдарга.
@saparbekasanov2368
@saparbekasanov2368 3 года назад
Видеону "Азаттык" тарткан, анан эле кээ бир эргулдарыбыз Садырдын сөзүн кайталап, "Азаттык"-ты сөгүп жатып калат
@user-jw3hb7wi2u
@user-jw3hb7wi2u 4 года назад
Келечекте коробузго!!! Дагы деле 10кун форма кийип жана арак ичип келгендер макталса керек кокурогундогу медальдарды корсон мать геройнадан башкасы баары бар!!! А реальный согушкандар унутулган эчак эле
@almazablakimov6304
@almazablakimov6304 4 года назад
Туура айттыныз алтын ака
@uluksaipov4035
@uluksaipov4035 4 года назад
Алтынбек сен айткандай комиссариатта тизмени карасан кухнянын тегерегинде жүргөндөрдүн баарынын тизмеси бар, ал эми биринчи катарда жүргөндөрдүн тизмеси жок экендигине күбө болосун.
@user-ob4sw3yd7q
@user-ob4sw3yd7q 4 года назад
Айии кудай ургурлаар чыныгы баатырларга эч нерсе жок экенда ээ
@muratmuratbekov4626
@muratmuratbekov4626 4 года назад
бечара олот согушта.медал алганда тааныш билиш болуп кетет
@user-jw3hb7wi2u
@user-jw3hb7wi2u 4 года назад
Ооба!
@user-iv6bw4xo7m
@user-iv6bw4xo7m 4 года назад
Баткен эли кандай кыйынчылыкты женген молодцы, анан дагы айта кетчу нерсе Азаттыктын кабарчыларына ким тартса дагы Азаматсынар Баткен окуясына катышкандардын козу ото электе видеого чагылдырып калганынарга, мен ойлойм эми Баткен окуясы жонундо кызыккан адамдардын баардыгы видео аркылуу тоолук маалымат ала алышат деп. Андыктан кийинки болумду кутобуз.
@user-wq6rz1tz4w
@user-wq6rz1tz4w 4 года назад
Экинчи болугун Айдаркен шаарына караштуу айылдардан тарткыла баары ошол жерде болгон
@user-ep5lo6vu1b
@user-ep5lo6vu1b 4 года назад
Акмырза байке сиздей дили таза адамдар бар дуйнодо жашоо уланып келатат коп жашан ден соолукта болун сиз мыкты улгу инсансыз
@kgkg7833
@kgkg7833 4 года назад
мен баткенде служба кылгам👍👍 ото кооз жер эли да кичи пейил 👍👍👍👍👍
@user-lz8cz2sq3x
@user-lz8cz2sq3x 4 года назад
Кыргыз элиге рахмат ошол кезде эл кыйынчылыкта жашап бала чакасын таштап элим жерим деп согушка барган аскер кызматкерлер ошол кезде ачка эле ошол кезде мекен чегиде турган баатырларга тазим Тераристерге элү миң долардын ордуна Акаевди Акимди ошол кездеги Губернаторду генаралдарды берип жибериш керек эле малекетин бюжетиге кыйла пайда болот еле Элдин кадырыга жетет еле
@azizbekkalchaev1524
@azizbekkalchaev1524 3 года назад
Баткендиктердей еч ким кордук коро елек кыргызствнда.
@user-vz5jt8ug2t
@user-vz5jt8ug2t 4 года назад
Баткенди жакшы караш керек ,баткен ели Аман болгула
@user-jo4lk7hx7n
@user-jo4lk7hx7n 4 года назад
Баткен коогаланында болгон ошол жерде элим жерим деп жан берген баатырларыбызга таазим АЛЛАХЫМ бейиштен орун берген болсун
@user-ev1tj3gy2b
@user-ev1tj3gy2b 4 года назад
Мен да 1999 ж 2000 жж Баткен коогаланына катышканмын, жоопаядан, зардалы, коргон, кульб, кожашкен, телбе деген жерлерди басып отконмун, эшектерде ок дарыларды, тамак ашты ташучубуз, баткен согушуна катышкандарга салам.
@user-yy5yc4kn6o
@user-yy5yc4kn6o 2 года назад
Кудайга шугур аман эсен келдик согуштун бетин ары кылсын канча палчандар кайтпай калды палчандарга таазим 1999жылы 22жаштагы балакенмин азыр Кудаййга шугур 44жашка келиптирбиз билинбей аскер ардагери пенсянер больше Кудайга шугур тажик=авган Жана Баткен соогушун ардагери болдук мезгил тез отуптур билинбей кайтпай калган палчандарымдын жакындарына теерен кайгыруу менен конул айтам и майып болуп ранения алган палчандарыма тез сакайып кетишин каалайм и жалпы палчандарыма ден соолук каалайм ,Кыргыз элимде тынчтык болсун Аллах жар болсун элиме Бар болгула палчандар силерди урматтап Тажик=авган жана Баткен согушунун катышучусуу аскер ардагери Улан Байгабылов
@abaimurzakulov7807
@abaimurzakulov7807 4 года назад
Бахавистер келди дегенде биздин айылданда кетишкен ушулар чыныгы баатыр анан кайдагы ак уйго аткандар баатыр дейсинер Койташтыктар Ашаны коругандай Баткенди корусанарго Ошондо сигерет чексен снайпер мен как пешенеге атат деп укамбыз кызарган нерсени корсо туну кырат экен деп
@user-zq9zo7vx8c
@user-zq9zo7vx8c 4 года назад
Точно айтын
@user-pm1ei9jd2u
@user-pm1ei9jd2u 4 года назад
Оа туура менин да байкем барган Баткенге ошо жылы келгенде айтып берген Азан айтылганда эле бир канчасын атып атышты деп туну кызыл чок болсо эле жанындагы солдат жок снайпер м н терип атышты деп байкемди да кудай сактап калган экен ошондо акопто жатышып сигарет чегип отурушкан экен артында турган солдат берчи деп сигаретти бурулуп бергенде эле ал солдаттын пешенесиге тийиптир ок
@user-xk8nw9nk4n
@user-xk8nw9nk4n 3 года назад
Насвайга 100% отконбуз ал убакта мен ошол жерде болгом вв мвд кр в/ч 7703 9-15-рота
@user-ex6zq8es5b
@user-ex6zq8es5b 4 года назад
Мен 1981 жылкымын мени оштон погран войскадан плып бары таштаган 1999 2000 жылда служба кылган 80.81 82 лерге салам жолдойм аман болгула катуу еле болгон уруш билинбей калганда
@elizasuiunbaeva8393
@elizasuiunbaeva8393 4 года назад
Ассолому алейкум. Служак кандайсын.Сен кайсыл чек ара отрядда служба кылдын?
@user-ex6zq8es5b
@user-ex6zq8es5b 4 года назад
@@elizasuiunbaeva8393 газда сенчи
@elizasuiunbaeva8393
@elizasuiunbaeva8393 4 года назад
Лейлекте.Сен кайсылсыл призывсын 2. 99бу
@almazalmaz129
@almazalmaz129 4 года назад
@@elizasuiunbaeva8393 Ассалоому алейкум Ай көлдө болгон эмессизби же отряда болгонсузбу?
@user-wc4nl9bf2t
@user-wc4nl9bf2t 4 года назад
Салам
@azizozbekov5098
@azizozbekov5098 4 года назад
Азаттык чоң рахмат! Мыкты материалдарды жасап жатасыздар
@KGZ095
@KGZ095 3 года назад
Генерал, Капитан башчылар оздору барбайбы,суйлошууго Айыл башчысы эр журок екен коп иш кылыптыр молодец 👍✊
@kgz3337
@kgz3337 3 года назад
Баткен сила менин кайын журтум.Сыйга сый сыр аякка бал принципте иш тутушат молодцы.Ош силер менен.
@bugattiveron3156
@bugattiveron3156 4 года назад
Баткен урушундагы эрдик корсоткон жоокерлерге элдерине таазим сиздерге
@user-co2gn8lc7w
@user-co2gn8lc7w 3 года назад
Такыр, түшүнбөйм,айтып атса куралчан деп,турист,же мергенчи, дейт го,ишенбестиктин,айынан болгон да киши өлүмү болду да... каза болгон арамдар Баатырлар!!! Алла беишинен орун берсин,арбагыңар раазы болсун...
@user-vp2xh5mp3q
@user-vp2xh5mp3q 3 года назад
Жаткан жеринер жайлуу болосун палчандарым,силер менин ар дайым журогумдосунор
@asanappazov3972
@asanappazov3972 4 года назад
1999ж бир тууган акам 6 апрелде олгон мамлекеттен ечкандай жардам болгон жок бир баласы калган азыр студент
@saparbekasanov2368
@saparbekasanov2368 3 года назад
Жаны жаннаттан орун тапсын
@user-ps9es6zv1z
@user-ps9es6zv1z 4 года назад
Менин атам Баткенде согушта болгон. Оз журтун оз жерин коргогон. Ата мен сиз менен сыймыктанам.
@user-zv1pm5ff9d
@user-zv1pm5ff9d 3 года назад
Альпинистерби жэ туристерби автомат которгон. Вот биздин чиновниктердин денгээли.
@user-mc2bb9jb7r
@user-mc2bb9jb7r 4 года назад
Бул согуштун бир бөлүгү менин айылым Кадамжай районунун Сырт айылында 16.09.1999 жылы мен 10 жашта экенимде келген.Мен ошол күнү атам,аяш атам жана жээним болуп Гороту жайлоосунда колго түшкөнбүз.Биздин айылда бир күн бир түн согуш болгон. Ошол согушта биздин айылда 7 аскерибиз шейиит болгон.Биз жайлоодо жалпы 20 дан ашуун адам колго түшкөнбүз,кыскасы айта берсе сөз көп.
@user-cd9ox1pl2w
@user-cd9ox1pl2w 4 года назад
Кыргыз Кырылгыс азыр кандай жашоо шарт тууганым
@user-mc2bb9jb7r
@user-mc2bb9jb7r 4 года назад
Дыйканчылык,Россия,ички миграция м-н шүгүр жакшы эле,эл ар ким өз тиричилигин өткөрүп жатат.
@user-zq9zo7vx8c
@user-zq9zo7vx8c 4 года назад
@@user-mc2bb9jb7r Бар болунуз эч качан жамандык корбогуло 😢
@user-rh9jq7yq3d
@user-rh9jq7yq3d 2 года назад
Сен кимсиң таанавадымда менда сырттын бер жагы молдодон болом,
@user-cl1ku9mj2w
@user-cl1ku9mj2w 4 года назад
Ашинда тек койганда узбекистонга утип кетишарди.наманганлик тохир йулдош узбекистонга жиход килмокчи боган.кыргызлар аралаш керек эмасиди
@user-zu9uw8nj4o
@user-zu9uw8nj4o Год назад
РАХМАТ, РАХМАТ...СИЛЕРГЕ ТААЗИМ...
@user-qk8rw8ic7k
@user-qk8rw8ic7k 4 года назад
Бул согушка Баткендиктер эле эмес бут Областтан катышкан
@baijibaiji4073
@baijibaiji4073 4 года назад
Ошол жерде олгондорго баатыр бериш керек ак уйду табаран
@user-zb8st1bk2p
@user-zb8st1bk2p 3 года назад
Кыргыз элиме тынчылык Узун омур каллайм бар болгула элим
@user-wb2sx5wn8i
@user-wb2sx5wn8i 4 года назад
Акаевдин созу бут жалган согуш болсо эле айылчылап жоногон карыз сурайм деп шылтоо кылып
@user-cr9cy8xl8f
@user-cr9cy8xl8f 3 года назад
Озбекистан болбосо Бизди Айрыб салат элего дейм Озбек туугандар Кардинат бойуунча Урууб салган
@user-zd1ts6dr4k
@user-zd1ts6dr4k 4 года назад
Кыргызстан бар бол.
@abuabuehahanov5994
@abuabuehahanov5994 4 года назад
Эн эр журок баткен эли и канча деген аалымдарыбыз чыккан баткендиктерге таазим кылабыз
@user-gn1dm6wx4v
@user-gn1dm6wx4v 4 года назад
Кыргыз эли бөлүнбөй и чектебей сүйлөйлү тиги эл бул эл дебей! -биздин эң алсыз жерибиз ушул бөлүнө калабыз
@abuabuehahanov5994
@abuabuehahanov5994 4 года назад
@@user-gn1dm6wx4v сени тушуно албадым тууган эмне деп болдум мен
@user-gn1dm6wx4v
@user-gn1dm6wx4v 4 года назад
Эң эр жүрөк баткен эли! Менимче кыргыз эли десеңер жакшыго Түгөнүп барып түтөгөн кыргыз деп бекеринен айтылбаса керек
@abuabuehahanov5994
@abuabuehahanov5994 4 года назад
@@user-gn1dm6wx4v видео баткендиктер жонундо болуп атпайбы
@user-gn1dm6wx4v
@user-gn1dm6wx4v 4 года назад
Эгерде баткенде бир нерсе болуп кетсе (кудай сактасын) 6 област карап турса баткенди секундта эле жок кылып койот! Ошондуктан биз кыргызстандын ар бир жерин элин сүйүп жашашыбыз керек! Мен түндүктүктөрдү жакшы көрөм (өзүм оштукмун) себеби түндүктөн адилеттүү баатыр Тайлак баатыр Тагай бий Боромбай бий чыккан! Түштүктүктөрдү да жакшы көрөм алардан Алымбек датка Алымкул аталык Курманжан датка Жаңыл мырза чыккан. 👊💪💪
@munarbeksatybaldiev280
@munarbeksatybaldiev280 4 года назад
Ушул баткен окуясын кино кылып чыгарсанар ото сонун болмок Ким колдойт
@ilimabsattaruulu2371
@ilimabsattaruulu2371 4 года назад
Ошончо кыйынчылык коргон атам кызматын кыла албай калганыма окуном😢😢😮
@user-zi1be9ri8y
@user-zi1be9ri8y 4 года назад
Биздин майлуу-суу шаарынан 7бала каза болгон жаткан жерлери жайлуу болсун:"
@svdd3656
@svdd3656 4 года назад
Майлу суудан ОБОН отряд барган
@user-rh9jq7yq3d
@user-rh9jq7yq3d 2 года назад
Туура айтасын тууган мен ошол сырттан болом жети баатырдан
@user-mb3df5cj3j
@user-mb3df5cj3j 2 года назад
Салам Алейкум братья! Я про эти события узнал в 17 лет в 2004 году. Преподаватель по НВП показал нам документальный фильм, где казахстанцы принимали участие в сражениях в районе Баткена. Честный был фильм. Почти без слов. Аж до мурашек такая честность прошибает. Я думаю поймете. Но ни какой информации про казахстанцев в СМИ нет. Я уж не говорю про гордые тосты победителей... как будто не было того, что я видел собственными глазами. Я так понял, что это политически щекотливая тема. Но скажите мне - я видел на экране телевизора казахстанцев в Баткене, или это бред моей фантазии?
@city5327
@city5327 4 года назад
Экинчи бөлүк качан чыгат
@user-wu6yj3hm9y
@user-wu6yj3hm9y 4 года назад
Кандай жакшы мекенин элин учун жан беруу же коргоо шеит кетуу
@user-cz8rk2iu1e
@user-cz8rk2iu1e 3 года назад
Акаев сен жакшы иштеп бергенинде сенден кийинки ажоолорубуз да туз жолдо жакшы иштемек баарына сен кунолусун
@nurlanorozbekov295
@nurlanorozbekov295 4 года назад
Эх кыргызстан сен учун кызмат кылып журобуз кой таш аскер болуктонда жоокерлер олгон экен кундо кечинде курман болгондордун аты аталат эч качан унутулбайсынар
@user-hi2qz6gt9p
@user-hi2qz6gt9p 3 года назад
Военный жактан норм подготовка болбосо ушундай болотда!орустар болгондо 1 саатта олтуруп салмак баарын
@user-ye2yn1co2i
@user-ye2yn1co2i 4 года назад
Ассалаам алайкум мусулмандарга! Азаттык телекөрсөтүүсүнө эскертүү билдиребиз. Көрсөтүүңөрдө Исламды де болбосом мусулмандарды, Мужахидтерди жаман көрсөтүү атайын материалларды иштеп чыгуу жаман көрсөтүү үчүн, ушуга окшогон иштериңерди токтотушуңарды суранам. Убагы келгенде ар бир Азаттыкта иштеген ишкерлер, ар бирөөңөр бул жасаганыңарга жооп бересиңер күнү келгенде ин ша Аллах. Ар бир ишмерлердин материалдары топтолуп келинет бизде. Кыргызстан өлкөсү жана қарапайым калк буюрса бактылуу тынч шарият менен күн кечирет. Ал эми жогорку кеңеште иштөөчүлөр, (депутаттар, сот, аскерии күчтөр, жана медия тармагында иштегендер), бул заалымдар албетте бир күн келет баардык жасаган иштерине жооп берет. Карапайым катуу айтарым Аллахтан корккон абалда Аллахтын динге кайтып сабырдуу болгула жана жасаган амалыңарда Аллахка ширк келтирбегиле. Даярдык көрүп дин үйрөнүп жана физический даярданып жүрүшүңөрдү тилеп кетем.
@altai9731
@altai9731 2 года назад
Аллахым ыраазы болсун Элин женин коргогон Ата бабаларыбызга рахмат сиздерге
@user-dn1yv5ek6x
@user-dn1yv5ek6x 4 года назад
Озбектерге бара жаткан террорлорду токтотом деп канчалаган агаларыбыз Каза болду жайын жаннатта кылсын
@arasharash8967
@arasharash8967 4 года назад
Мен Зардалыда сулужба отогом туугандар канча жолдору аябай бийик бир таман жол эртен кетет деп бир балабызга чакыруу келди ошо тунуу зоодон учуп каза тапты түнү менен аркандар жол чырактар менен алып чыгып үйүнө узаттык эле жаткан жерлери жайлуу болсун
@user-io5oq7mm6z
@user-io5oq7mm6z 4 года назад
Козумдо жаш менен кордум мен баткен окуясын мурун бирда уккан жокелем
@saparbekasanov2368
@saparbekasanov2368 3 года назад
Баткендин калкына таазим - 20-25 жылдан бери эл четинде болуп, кыргыз жерин коргоп турушат. Жашоо шарты да эң кыйын, ошого карабастан көчүп кетпей айылдарын сактап калууга аракетте
@user-gn3ov4yx9x
@user-gn3ov4yx9x 3 года назад
Аман болгула Баткен Эли силер менен кыргыз Эли сыймыктанабыз
@user-ro6lv8gy6n
@user-ro6lv8gy6n 4 года назад
2000 жылы Майлуу Суу шаарындагы часть менен Айдаркен шаарчасына барып А. Б. З жайгашып.жылуу сууда. Телбеде хожачкенде болгонмун.
@user-et2uk9jz8n
@user-et2uk9jz8n 4 года назад
Палковник Алымкожоев алдыда жүргөн жүрөгү тоодой киши экен
@ajibekovmuslim7798
@ajibekovmuslim7798 4 года назад
2 болумуну тезреек. Чыгарыныздарчы. 🙏🙏🙏🙏🙏🙏
@kingkgz874
@kingkgz874 4 года назад
2-болум качан чыгат
Далее
НЕ НУЖНО ЭТО СКРЫВАТЬ
27:27
Просмотров 896 тыс.
Бир койго сатылган Азамат...
11:35