Баткен шаарында мындан 1 жыл мурда ачылган жалгыз социалдык дүкөн ай сайын 100 муктаж адамга акысыз окат-азыктарды жана кийим-кечелерди берип келет. Негизинен сыртта миграциялап жүргөн мекендештердин акчасы менен каржыланып турган дүкөн ушул кезге чейин миллион сомдон ашуун жардам көрсөткөн. Дүкөндүн ээси да көп жылдан бери Орусияда эмгектенип, кайрымдуулук иштеринде активдүү катышып жүргөн. Мекенине келген соң кайрымдуу адамдардын башын бириктирип, акысыз дүкөн ачкан. Акыркы учурда сыртта эмгектенгендер үчүн да абал оорлоп, өлкө ичиндеги колунда барлардын колдоосуна да муктаж экендиктерин айтышты.
26 сен 2024