Борбор Азия стратегиялык жактан Азиянын өнүгүп келе жаткан экономикаларын Европанын калыптанган рыноктору менен байланыштырган көпүрө ролун ойнойт. Андыктан Борбор Азиянын Чыгыш-Батыш жеткирүү чынжырынын ажырагыс бөлүгү болуусуна мүмкүндүк берген инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыгуу өсүүдө. Кытай Борбордук Азиянын транспорттук инфраструктурасына олуттуу инвестицияларды жумшадоо. Belt&Road демилгесинин алкагында Кытайдын демилгеси жана каржысы менен учурда Борбор Азияда 261 долбоорду ишке ашырууда. Ага жогоруда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жагы кирет. Буга катар эле Европа Биримдиги Батыш менен Борбордук Азиянын ортосунда туруктуу транспорттук байланыштарды түзүү максатында Глобалдык дарбаза демилгесин алып чыккан. Евробиримдиктин бул демилгесинин негизги компоненти болуп Борбор Азия жана Кавказды Европа менен байланыштырган мультимодалдык соода жана транспорт тармагы болгон Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту саналат. Бул соода коридору Чыгышты Батыш менен байланыштырган эн кыска маршурут жана ал Азия менен Европанын ортосундагы соода жолдорун диверсификациялоодо чечүүчү ролду ойнойт.
21 окт 2024