Биз студент кезде көлдүн Ак Суусунун Маман айылында чөп чаап жүргөндө биз иштеген жерге атчан бир аксакал келип тамаша курду эле. Семетейден үзүндү айтып арасына беш жылдык план деп кошуп ийип боорубузду эзген. Ошол аксакал бир убактарда артист болуп иштегем деп айтты эле. Аттанып кетип баратып атым Турсун деди эле. Ыбрай Туманов жөнүндө да көп нерселерди айткан.
Экия Мукамбетовдун күттүм сени деген ыры бар эле, азыр жаш ырчылар ремикс кылып аткарып жүрүшөт. Ошол ыр Экияныкыбы же автору башкабы, билгендер болсо жооп берип койгулачы
Өкмөт тарабынан эч бааланган эмес, өкүнүчтүүсү ушул, 1972 жылдары гастролго бирге чыгып калдык, үч бирге жүрдүк , мен 19 жашта элем, эң бийик жөнөкөй адам эле , өлгөнүн укканда аябай ичим ачышкан, мен ал кишинин тун баласы менен тең элем.Аттиң арман таланты бааланбай калды.