Озунду таппай коптун арасынан, Жүргөндө айыга албай жаратымдан, Куюлуп арман болуп агып жаттым, Куштардын куса серпкен канатынан. Алдастайм ары-бери, ары-бери, Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги. Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн, Тизилген каркыранын сабы мени. Көп жаштар көчө менен агат улам, Көрө албай жалгыз сени арасынан. Атындын баш тамгасын тапчу болдум, Талпынган куштун гана канатынан. Куйуттун өзү өчсө да зарпы калар, Билгендей махабаттын дартын алар. Атындын баш тамгасын көккө жазып, Алыска учуп кеткен каркыралар. Кун батат, тандар атат, агат суулар, Куйутун очуро албайт жараттуулар. Мунумдун баш тамгасын эске салып, Мунайта бербегиле канаттуулар. Жаз келди жайып жашыл килемдерин, Белгендей келбес жайга жибергемин. Сирендер гул ачканда сени эстейм, Сиреним, сирендерим силер менин. Бул адат кайдан мага калган билбейм, Адашкан арманымды жаздан издейм. Жаны ачкан бучур бойдон калсак кана... Жашынып кеткичекти жалган бизден. Жаз бойдон каларлыгым күмөн менин, Жаштыгым сага учуруп жибергемин. Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп, Түбөлүк калышынды билер дедим. Сени эстеп жашай берем ойдо сонун, Мен учун андан артык болбос орун. Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын, Сен болсон уктатарым, ойготорум. Көз күйөт көрүм жаздын сирендерин, Жаштыктын жашап коюп ширин жерин. Мунайдым, мунайбаска аргам барбы? Мунарым, мун-арманым силер менин.
Мен дагы👋 эң сонун өзү 99 жолу уга турган ыр экен ыры обону өзүнө төп келиптир эң сонун сөз жок ылайым Элмирбек агабыздын жайы жаннатт тан болсун оомин🤲🤲
Элмирбек ага олсо дагы ырлары туболук жашай берет Элмирбектей адамдар 100 жыл жашаса кана аттин арман бир кем дуйно олум ак жаш карыга жакшы жаманга карабайт тура .
Талантың ташкындай берсин үкем. Көз тийбесин. Аксынын Авлетим айылында таза суу ичип чоңойгон да... ийгилик каалайм. Кырсык балээ куру дооматтан Кудайым өзү асырасын🤲