Түшүндүрүп кантип айтам,айтылгыс арман. Түшүнбөйсүң билем аны, сен үчүн жалган. Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын, Чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган. Кайырма: Чечилбес арман, чечилгис арман, Адамзаты көтөрө алгыс, көтөргүс арман. Сен өмүр жалган, сен сүйүү жалган, Адамзаты чыдай алгыс, чыдагыс арман. Кайырма: Ишенбесең бул сүйүүмө Ысык-Көл күбө, Ишенчи сен ак сүйүүмө Ала-Тоо күбө. Сүйөмүн деп айтып жүргөн бала кыялдуу, Чын сүйүүнү билбей жүргөн менде го күнө