Бакыттын ыйык гүлүн арман ай үзө албадым, Махабат деңизине ээрчишип сүзө албадым. Жанаша канат кагып арман ай уча албадым, Сезимдин сересине эмнеге чыга албадым. Эмнеге чыга албадым ии ий, Эмнеге чыга албадым Кайрылбай сүйүү кушу арман ай учуп кетти, Ансыз да ызаа болуп санаамды бузуп кетти. Жанында эриш аркак арман ай боло албадым, Төгүлүп көөдөнүнө көлкүлдөп толо албадым Көлкүлдөп толо албадым ии ий, Көлкүлдөп толо албадым. Жанында болот эми арман ай башка бирөө, Түшүнбөйм эмне болду деги айтчы кимде күнөө. Билбеймин эми сенсиз арман ай кантип жашайм, Жок болгон жан дүйнөмдү кайра мен кантип жасайм Кайра мен кантип жасайм ии ий, Кайра мен кантип жасайм Ушул ыр кимде бар? Мен ОКтон таппай койдум. Болсо жоноткулочу, сураныч.
Жанында болот эми арманай башка биро. Тушунбойм эмне болду Бекайчы кимде куно. Билбеймин эми сенсиз Арманай кантип жашайм. Жокболгон жан дуйномдуу эээй. Кайра мен кантип жосайм . Кайра мен кантип жосайм. 💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔 07.08.09.(алимаЖ) Бул ыр журогумдон алып жазылгандай.
Мен мурун бул ырдын маанисин мазмунун түшүнчү эмес элем. Баштан өткөндөн кийин маанисин түшүндүм көрсө арбир сөз же ар бир сөз ыр саптары жүрөктөн кайгы муундан чыгат тура мен азыр бул ырды европада угуп атам. 😢😢😢😢😢