ЭНЕ ЖҮРӨГҮ Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда, Ойго баттың, доорумда, заманымда. Неге анда асманды карап жүрөм, Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда. Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган, Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган. Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан Наадандардын максатын батырбаган. Кадамынан күнүгө тапкан ардак, Кимдер сенин ролуңду аткара алмак. Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам, Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап. Балалык доор, өмүр да өтүп жатат, Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат. Сенделгенде карайлап жарык таппай, Сенин гана үмүтүң эшикти ачат. Бир окуя жүрөктү келет өйүп, Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп. Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле, Жан досумдун жаш эле энеси өлүп. Оңой менен кайгыны тоготпогон, Майышса да кайратын жоготпогон. Өмүрүндө ыйлабас ошол досум, Энекелеп, жер муштап шолоктогон. Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн, Калдым досум тагдырдын өртүндө мен. Энекең бар, сезилбес азыр сага, Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген. Достун сөзү чынында тереңде экен, Кайдан билдим, кайгыга эленбесем. Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн, Бакытымдын башаты энемде экен. Байкоо салсам өзүмдү терең карап, Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак. Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн, Ойлонбостон мен үчүн энем барат. Жолдор татаал өмүрдө эне баскан, Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан. Кара түнгө айланып энем жокто, Каралбаган үйдөймүн желе баскан. Ашууларга көз жетпейт энем ашкан, Санааларга сөз жетпейт эне баткан. Энелерди окшотом зор кемеге, Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан. Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап, Эне жүрөт чечилбес түйүндө да. Таяк менен үмүттү кошо кармап, Эне жашайт карылар үйүндө да… Жакшы ойлор заматта тебеленип, Колум барбайт кээ кезде жазаарга да. Оокат сатып, турмушту тегеренип, Эне жүрөт күнүмдүк базарда да… Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт, Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт. Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу, Тириликти жылыткан эне жүрөк. Тереңинде күн жаткан эне жүрөк, Сезимине гүл баккан эне жүрөк. Ата-журтка мээримин төшөп коюп, Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт. Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким, Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким. Бейишиңден айрыган тозок ошол, Энелердин жүрөгү токтогон күн… Эч ким сыздап энесин жоктобосун, Энелердин жүрөгү токтобосун!!!
Кайышып кети журогум апамды эстеп журомун айлар жылга айланып отпой койду кундорум. Негизи менда ыр жазам журоктун унун уканда уктап калсам мен эгер сезим дерим турганда.@ Бул саптарды чыгарган Бактыбек Токтоболотов. Чын журоктон Бердибек байке калеминиз очпосун.
Энелерди козу барда сыйлап алалы, коз откон сон таппай калат экенбиз. Ыйласакда келбейт экенго, андыктан энеси барлар колдон келсе жылуу соз арнап, кооз жерлерге алып баргыла...😢😢
Аябай сонун,маанилуу ыр.Мага аябай жагат.Бул ыр мага жакканынан жаттап алгам.Апаларыбыз узаак жашасын,алар эч качан оорубаса экен.Жаратканыбыз аларды балдарынан ажыратпаса экен.🤲🏻🤲🏻