Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган Калмурат Рыскуловдун "Болоюн сенин Боогачың" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#акбаррыскулов
#калмуратрыскулов
#боогачы
"Болоюн сенин Боогачың"
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
21 июл 2022