Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган Асылбек Өзүбековдун "Кош жылдыз" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#кошжылдыз
#АсылбекӨзүбеков
#СооронбайЖусуев
#ЖылдызТутуева
"Кош жылдыз"
Эстечи, андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз турган асманда.
Жылдыздай сүйүү сен тилеп,
Жылдыздай сүйүү мен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык беле энчилеп.
Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп жүрө албай,
Экөөбүз кеттик адашып.
Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жыл-жылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн жашы кылгырат.
4 сен 2022