Гүлжамал Абдылдаеванын сөзүнө жазылган Абас Чикеевдин "Ойлойсуңбу?" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#абасчикеев
#гүлжамалабдылдаева
#ойлойсуңбу
#медеркыдыршаев
"Ойлойсуңбу?"
Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо, жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?
Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?
Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйалбайт деп ойлойсуңбу?
14 авг 2022