Видео Семетей Аманбековдуку
17-майдын кечинде Бишкектеги Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо алардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.
17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.
Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди.
16 май 2024