Уткан байгеңиздер куттуу болсун! Талыкпаган эмгек, изденүүнүн натыйжасында гана ушундай жеңиштер болот. Бирок өкүнүчтүү жагы, көпчүлүк саяпкерлерибиз, эртерээк, чоң байгелерди утуу максатында, таза кандуу жылкыларды багып өстүрүшүп, өзүбүздүн жаңы Кыргыз (Ново Кыргызский) асыл тукум жылкыларыбыз каралбай калды. Албетте ал жылкыларды, таза кандуу жылкылардын ылдамдыгы менен салыштырып болбойт. Бирок ошол жаңы Кыргыз жылкыларын араб же таза кандуу жылкылар менен аргындаштырып, селекция жүргүзүшсө, келечекте Кыргыз жылкыларынын жылдызы жанат эле деп ойлойм.
Кандай чапкан экен 30 км ди баш аяк тартып чыгарса корот элек аттарды чуркадыбы же текирен таскак менен жортуп келдиби . Ат чабыштар коп боло берсин , 100 улакчы аттан Барон дейби , Бойка дейби , Ахилес дейби жузунон 1 тулпар 100 эссе кымбат турат.
Бизде болсо ат чабыш, жорго салыш каралбай эле калганда сыяктуу болуп калды. Бар го, бирок азыраак конул бурулуп калды. Жалган эле кок бору болуп кетти. Кок бору деле албетте жакшы ал деле ээн жакшы улуттук спорт. Просто кок боруго ат таптап сатуу пайдалуураак окшойт деп ойлоп койдум да. Анткени коп эле аттар чыгат, анан чет мамлекеттерге сатылып кетет чонураак акча сунуш кылынса. Албетте мал ээси машаяк бирок кээбир сатылып кеткен аттарга ичин ачышып калат экен.