Бишкек шаарынын тургундарын тейлеген коомдук транспортторго 15-февралга чейин рейд жүрөт. Бул иш-чара жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тыгындарды азайтуу максатын көздөйт. Ал үчүн шаар мэриясынын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Транспорт инспекциясы, автобус жана троллейбус башкармалыктарынын өкүлдөрү жана патрулдук милиция биргеликте иш алып барууда. Алар коомдук транспорттун аялдамага токтоп жатканына, тазалыгына жана төлөм тутумуна көзөмөл салууда.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
RU-vid (УТРК) - www.youtube.co...
Instagram - www.instagram....
Телеграм - t.me/ktrk_live
2 окт 2024