09.02.2024
БИШКЕК- ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
Аталган унаа жолдун 132-135 жана 198-255- чакырымында жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.
---------------------------------------------------------------------
Алсак, 8-9-февраль күндөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 222, 227, 231, 247, 250 жана 255 чакырымында жалпы көлөмү 385миң370 м3 кар көчкү атайылап түшүрүлдү. Унаа жолго жеткени 986 м3 болгон.
---------------------------------------------------------------------
Белгилей кетсек, ӨКМдин адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшурүү иштерин алып барууда.
---------------------------------------------------------------------
Эртең Чүй облусуна караштуу жол тилкелеринде кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери улантылат.
----------
Урматтуу айдоочу жана жүргүнчүлөр! Унаадагы абал боюнча же кырсык катталганда “112” номерине байланышыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
8 фев 2024