АККОРДЕОН КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫ ОБОН КЫЯК - булардын бардыгы Кыргыз элинин киндик каны менен бирге бүткөн сыяктуу. Ал эми Болот Токтобаевдин "Күттүм сени" деген ыры өзүнчө эле бир жаштык сүйүүңдү элестеткен өзгөчө ыр.
Эн сонун ыр, эн сонун аткарылган. Эмгек синирген артист, эл артисти деген наамды ушундай авторлорго, аткаруучуларга бериш керек. Азыр телефон чалуу, тааныш-билиш аркылуу наамдарды сахнага бир-эки ыр менен секирип ырдап койюп алып жатышканы ОКУНДУРОТ
Бул ыр Жантемиров Асанбек ырдаган ыр, обону башка болчу кыргыз ыргагындагы керемет ыр эле. Ал киши Москвадагы Луначарский атындагы искусство институтун аяктап келип Озгондо маданият тармагында копко иштеген, коптогон ырлары, обондору бар белгилуу совет доорундагы алгачкы билимдуу адам. Бул ырды Латифа атуу аялына арнаптыр, колдуктордун колдой толкуган айколдугуно салып Латифаны Москвага окууга жиберет, ал жактан аялы башканын колун кармап кете берет, эн эле сулуу аял болгон экен. Ырдын созун деле Асанбек Жантемиров жазыптыр, бирок ак конулу ушунча Муса Жангазиевге корсотсо бир аз кайрыгын ондоп бергенге созун М. Жангазиевге таандык кылып жазып коет. Убагында хит болгон ыр.
Боке кандай жакшыбы,мен Кубаныч курсташың,сенин талантыңды баалайм,сендей талант миң жылда бир жаралат,мен сенин ырларыңды колумдан келишинче ырдап жүрөм,ал эми Эркин Амангелдиев менин бир тууган иним, колумдан келишинче жардам берип элге чыгууга аракет кылып жатам ,кандай дейсиң.
Ооба, журоктон чыккан учун журокко жетип жатат да, бул армандын арманы болгон Асанбек Жантемировдун куйут ыры, ал киши комуз менен ырдачу экен, ал кишинин обону да озунчо керемет. Бул ырды алдамчы аялга айтылган каргыш деп тушуном(менин жеке оюм).
Эн сонун талант.Кулакка жагымдуу.Соз жок,баа жеткис.Кыргыздын атын ушундай таланттар чыгарат.Уккан сайын ырларын уккум келет.Ден соолукта бол, коп жаша.Ийгилик жана да ийгилик.Талантына.таазим!!!
Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясына уйкусурап жатканча. Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың?