Мамлекет мектеп, бала бакча, жол салгандын ордуна, айылдарга таза суу чыгаргандын ордуна ошол КТР менен ЭлТРди байырлаган миңден ашык журналистти багууга жыл сайын жарым миллиарддан ашык акчаны коротуп келатат.
А жылына 397 млн сомду сүлүк курттай соруп отурган КТРКны азыр ким көрүп жыргап атат? УТРКнын ютуб каналына болгону 562 миң адам катталган. Өзүнүн биринчи канал экенин дайыма баса белгилеп көрсөткүсү келген УТРК интернет заманында Ютуб, инстаграм, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда Азыттык, Кактус, Клооп, Супер инфо, Тез кабар гана эмес, орусияда жатып алып, маалымат тараткан Санжар Калматайдан да артта калган.
Экинчи ири мамлекеттик теле канал бизде Эл ТР болуп саналат. Чын-чынына келгенде ЭЛТР короткон каражаты, ээлеп отурган имараты жана иштеген кызматкерлеринин саны жагынан эле ири болбосо камтыган көрүүчүлөрүнүн саны жагынан качан эле ири болбой калган. Маселен азыр эл теледен алыстап кеткен. Телевизор үйдөгү маанилүү буюм эмес, тек гана сувенирге айланып бараткан заманда жашап атабыз. Азыр адамдар телевизорду чөнтөгүнө салып жүрөт. Мына ушундай мобилдүү интернеттин заманында мамлекеттик казынадан жылына 139 млн сом алып, 289 адам тыным албай иштеп жаткан ЭлТРдин Маалымат жана маданият деген эки Ютуб каналынын катталуучуларын баарын кошуп санасаң 450 миң адамга жетпейт. Ошол эле учурда чакан жамааты менен мамлекеттен бир тыйын албай иштеген Тезкабар, Санжар Калматай, Азаттык, Супер инфо сыяктуу маалымат булактары Эл ТРди эле эмес, УТРКны кошуп чаңында калтырып кетишкен.
#ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #БизЭлменен
13 мар 2023