Тёмный

Бул адам 384 912 жылга камалган. Эмне үчүн? |Тегирмен TV 

ТЕГИРМЕН TV
Подписаться 4,7 тыс.
Просмотров 2,3 тыс.
50% 1

1972-жылы испаниялык почтальон Габриэль Марч Грандос 384 912 жылга эркинен ажыратылып, ошол эле учурда Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Эмне үчүн ага мынчалык узун жаза берилиши мүмкүн деп ойлойсуз?
Грандос Почта кызматында иштеп жүргөн мезгилинде 42 768 катты өз дарегине жеткирбестен орто жолдо жок кылып койгон. Анысы аз келгенсип кандайдыр бир маанилүү документке зыян келтирген. Жасаган кылмыш иштери үчүн Испаниянын мыйзамдарында ылайык ар бир жоголгон кат үчүн Грандос 9 жылга эркинен ажыратылышы керек эле.
Эми 9 ду 42 768ге көбөйтүп көрүңүз.
Габриэль Марч Гранадоско берилген абак мөөнөтү тарыхта эң узак абак мөөнөттөрдүн катары кирген. Керек болсо тарыхта мынчалык узун мөөнөттүү жазаны адам өлтүргөн мыкаачы террористттер да алган эмес.
Натыйжада сот Габриэльди бир нече жылдык кылмыш иши үчүн 384 912 жылга эркинен ажыратты. Бул мезгилде почтальон 22 гана жашта болчу.
Албетте адам баласынын өмүрү жетпеген мөөнөттөгү жазаны алыш акылга сыйбаган иш экенин жакшы түшүнүп жатсаңыз керек.
Айрым маалыматтар боюнча сот отурумундагы прокурордун өтүнүчүн негизинде Грандостун жаза мөөнөтү кыскартылып, ал 14 жыл 2 айга камакка алынганы айтылат.
Бирок Грандостун иши боюнча анча-мынча учурлар коомчулукка ачык-айкын берилбей калганы да айтылып жүрөт.
Канткен күндө да бул жаза мөөнөтү дүйнөдөгү эң узун жаза мөөнөтү болуп кала берди.
Даярдагандар: Аскар Сүйүнали уулу, Сиренгүл Бактияр кызы, Мырза Марсбеков

Опубликовано:

 

11 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 2   
@user-uf4xk3xx1w
@user-uf4xk3xx1w 2 года назад
Таң калыштуу
@user-xi3mg2sf4n
@user-xi3mg2sf4n 2 года назад
Ашалэээээт😱😱😱
Далее
Boysunliklar endi nima qiladi? Rasmiylar jim
15:35
Просмотров 58 тыс.
Алтайдагы кыргыздар
1:58
Просмотров 14 тыс.