Ушул жылдын төрт айында дээрлик 2 миллиард сомго 429 даана айыл чарба техникасы лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Жыл аягына чейин республика боюнча жалпы 1400 техника келери мерчемделүүдө. Мамлекеттик кредиттик жана лизингдик долбоорлор ишке аша баштаган 13 жылдын ичинде 15 миллиард 500 миллион сомго 6 миңден ашуун айыл чарба техникасы алынса, анын 3 миңге жакыны акыркы үч жылда сатып алынды.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
RU-vid (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - utrk_live?...
Телеграм - t.me/ktrk_live
16 май 2024