Гапыр агай, сизге чың ден-соолугу менен бактылуу дөөлөттүү кадырлуу барктуу узуун өмүр берсин,элибиздин келечеги үчүн күйүп бышып, жан үрөп, Дүйшөн агайдан ашып, чын пейил, ниетиниз менен иштеп жаткан сизге терең таазим, Аллахым колдосун,🤲🤲 китептеринизди кай жактан алсак болот экен....
Аллахым ыраазы болсун сизден омурунуз узун болсун ылайым. Менин балдарымда сизден билим алышын каалаймын агай. Аллахым ошол кунго жеткизсин. Оорубаныз агай.
Нурлан мн Асель ажырашыптыр деген видео болгондо 1000,2000 комментарий болмок, мынандай пайдалуу видеодо 35 эле коммент турат, жаштар китепке кызыкпаганы ушул да. Ал эми агай сизге рахмат!
Каякта экен европада экен😂😂😂. Агай жөнөкөй сөз -жалпак тил менен жеткирип атат сөздөрдү. Агайдын өмүрү узун, ден-соолугу таза болсун. Эл менен алган билимин болушконуно рахмат.
Менн неберелеримди Гапыр агайдын гимназиясына окутууну каалайм, ушундай, жөнөкөй баардык жагынан үлгү болгон агайдан сабак алып калууну насип кылсын....
Ассалому алейкум. Гапыр агай кудай колдосун. Энелерге сабак эн пайдалуу, эл ушуга муктаж, видео сабак кылсаныз. Тынч болмодон. Элге коп пайдасы тийээр эле.
Куш уясында көргөнүн кылат. Балам китеп окубайт деп кейий бербей, ата эне окуса албетте сиз айткандай баланын колунда китеп көрөбүз. Сизден Аллахым өзү ыраазы болсун. Кеңештериңиз окуп сабак аламын. Өзбекстандан чооң салам.
💯 лайк ото сонун сабак эн койгойлуу болуп жаткан тема жонундо тушунгонго азыр ата-энелердин копчулугу жоопкерчиликсиз болуп калыптыр акча табуу кантип байысам дешет эн туура жан дуйнодо мээрим , кен пейил ниет бузулуп бараткандын белгиси
Ассалому алейкум агай,мен эн биринчи сизди өзүбүздүн мектепте көргөнмүн, мен ишке жаны келген элем "Кыргызстандын 40 жылдыгы " мектебине,28-29 жыл болуптур,насаат сөздөр айтып кеткен элениз, эми ойлосом ошондо Сиз бүгүн биз көрүп жаткан энелер мектебинин пай дубалын куруп баштаган экенсиз, Аллох ыраазы болсун
Азаматсыз агай баалайм сиздин создорунузду,бир нерсени жазгым келди мен дагы,балдар эне атанын мээрими жоктон,суйуусу жоктон жан дуйнонун бош жерин уруш мушташ,согунуу, нашаа,тамеки ичкилик ж.б менен толтуруп алышат экен да.ошондон тынчтанып калгандай болот бирок омур бою ошондон чыгалбай калышат.
Гапыр агай бар болуңуз!Адам баласы үчүн азыркы коомго суудай ,абадай керек эмгек жараттыңыз.Сиздин китептериңизди мен кыргызмын,мен келечек муун үчүн кызмат кыламын деген дегеле адамзат окуп ,билсек деп тиленем.Бар болуңуз агай!
Гафур агай канча жерди кыдырып энелерге бекер сабак өтүп жатат. Чет мамилекеттен келген мугалимдерге доллор менен төлөп берип жатышат.Мадумаровко рахмат ошол жабык нерсени ачыкка чыгарып койду.
Саламатсызбы агай туура айтасыз менин балам отличник эле 1 - 4 кл чйн азыр жалан "3" окуп калды 8 де окуйт сабакка такыр кызыгуусу жок! Только телефон игра Тун Кун,келечегине кыжаалатмын ,алсызмын кантип тарбиялаймын,сабак окутам ,билбейм! Мамлекет ушул интернеттеги жаман псих кылган играларды,тикток,Инстаграм,жаман уят роликтерге тыюу салалышбайбы олко башчыбыз же билим министри чектоолор болсо особенно оспурум мектеп курактагы балдардын келечеги талкаланып жатат ,озбекс.да эле тикток коргонго доступ жок экен биздин бийлик карасын !!!
Байлыкты экинчи орунга коюп балдар кыздарыбызды туура тарбиялабасак болбойт кыргыздар! Балдарыбыз жалкоо ,озумчул болуп баратат баарыбыз билип турабыз бирок кандай жол мн тарбиялоону бил бей жатабыз