Мыкты комузчуларыбыз өтүп кеткен экен, аттиң... Гүлжан Карабаева, Руслан Жумабаев, Нурзат Орозалиева, Канат Токтобек уулу... Кыргыздын мыкты уул-кыздары, кыргыздын сыймыктары... Элесиңер, эмгегиңер эл эсинде сакталат...
Карабаева Гүлжан Аманбековна (1965-2015) Кыргыз искусствосу оор жоготууга учурады. Чебер аткаруучу, мыкты комузчу, теңтуш курбубуз Гүлжан Карабаева узакка созулган оорудан улам о дүйнө салды. Гүлжан Карабаева комуз өнөрүн 7 жашынан баштап өздөштүрө баштаган. Улуу комузчу Нурак Абдрахмановдун эң биринчи окуучуларынын катарында чоң сахнага аттанган. 1980-жылы Күрөнкеев музыкалык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Нарын музыкалык драмтеатрында комузчу ж-а драмалык артист катары баштаган. 1985-87 жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган. Студенттик кезде “Студенттик жаз”-фестивалынын жеңүүчүлөрүнөн болгон. Гүлжандын Камбаркан фольклордук этнографиялык оркестрине сиңирген эмгеги зор. Бул оркестрдин түптөлүшүнөн баштап, өмүрүнүн акырына чейин иштеп, зор салым кошту. Аны м-н катар эле “Ордо-сахна” этнографиялык театрынын башатында туруп, бир катат комуз күүлөрүн элге, дүнүйөгө таанытты. Гүлжан дайыма чыгармачылык издеңүүдө болуп, комуздун ойноо мүмкүнчүлүгүн арттырып, ар түрдүү жанрдагы көптөгөн татаал музыкалык чыгармаларды комузда ойногон. Гүлжандын керемет колунан оркестр менен катар, эстрадалык ыкка салынып“ Эркесары, Кыз ойготор, Ибарат” - күүлөрү калың элдин катмарына сиңип, маданий иш-чаралардын бет ачары болуп калды. Комуз өнөрүн дүйнөгө тааныткан азыркы комузчулардын алдыңкы сабында турат.Күүнү ойноодогу өзгөчө стили,өзүнүн токтоолугу, карапайымдыгы, адамгерчилиги комуз күйөрмандарынын эсинде түбөлүк калат. Жан дүйнөсүн, жашоосун жалаң комузга арнаган мыкты инсан.токтоолугу, зор адамгерчилиги м-н эл журтунун алдында кадыр барктуу эле.