"Гулкайыр гүлү"
Кыргызча окуяларды сайтка кирип окусаныздар болот.
kyrgyzcha.site/
КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ!
КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ!
Арзан баада авиабилеттер, түзмө түз авиакомпаниядан.
aviasales.tp.s...
Сократтан окуучуларынын бири:
- Айтыңызчы, сиздин кабак чытып, каш
бүрккөнүңүздү көрө албадым. Ар дайым куунак
болот окшойсуз? - дегенде Сократ:
- Анткени жоготкондо күйүнө, тапканда сүйүнө
турган эч нерсем жок, - деп жооп кайтарыптыр.
Ак жеринен өлгөн жакшы
Бир аял Сократты өлүм жазасына тартып алып
бара жатканын көрөт да, көз жашын көлдөтүп
туруп:
- Оо, дүйнөң менен куруп кет, алар сени эч бир
күнөөсүз жерден өлтүрүшкөнү жатышпайбы, -
дегенде Сократ:
- Оо, чоркок акыл, өлүмгө ак жеринен кетпей,
күнөө кылып кетишимди каалайт турбайсыңбы,
- деп жооп бериптир.
Кайсынысы жакшы?
Чөптүн тамырын жеп жаткан Сократты көрүп
бир киши:
- Биздин бекке кызмат кылсаң чөптүн
тамырын жегенге чейин барбайт элең, - дегенде
ал:
- Чөптүн тамырын жеп көрсөң, бекке малай
болууга чейин барбайт элең, - деп жооп
бериптир.
Кайсы учур ыңгайлуу?
- Тамактануу үчүн кайсы учур ыңгайлуу? - деп
Сократтан сураганда ал:
- Колунда барлар үчүн курсагы ачканда,
колунда жоктор үчүн тамак табылган учурда
тамактануу ыңгайлуу, - деген экен.
Кимдин шору?
Сократ күндөрдүн биринде бир бай менен
сапарга чыгып, бир оокумда каракчылардын
кошууну турган жайга келип калышканын
билишет. Бай:
- Таанып калышып менин шорумду кайнатат
го? - дейт. Анда Сократ:
- Мени таанышпаса шорум кайнайт го, -
дептир.
Бооруң ачыр эле
Бирөө Сократка:
- Сенин кедейлигиңди көрүп туруп жаман
боорум ооруйт, - десе ал:
- Эчтеке эмес, - деп жооп берет, - эгерде сен
турмуштун кедейлер көргөн жыргалын көрсөң,
мени коюп, өзүңдү аяп бооруң ачыр эле.
Ал эмнеге капа?
Сократка дагы бирөө кезигип алып аны:
- Кишилер сенин сөзүңө түшүнүшпөйт, - деп
айыптаса ал:
- Анысы мени анча деле кейитпейт. Эгерде сен
мени “кекеч экенсиң” деп айтсаң, балким, капа
болор элем, - деп жооп бериптир.
Сократ менен аял
Сократ өтүп бара жатып бутакта асылып турган
бир аялды көрүп:
- Атаганат, дарактын баары ушундай мөмө
байласа кандай сонун болор эле, - деп басып
кетиптир.
***
Сүйлөшүүгө татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу, демек ал адамды жоготууга барабар. А кептешүүгө татыксыз адам менен баарлашуу сөздү жоготууга тете. Акылдуу адам анысын да, мунусун да жоготпойт.
ААЛЫМ жана ААЛАМ
Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчүү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.
Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок, ыилап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү - чырак эле түндөгү,
Ким бизге аитат эми ошондои насаатты?
Маңдаиында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдаиынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Аи аибыкчу баркынан!
Ачуу дебеи акыикатты билдирчүү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчүү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендеи,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчүү.
Илим, акыл, китеп эле жыиганы,
Биз эле эмес дүинөдө көп сыилаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз...
Бузуктуктан буруп коигон кыиланы.
Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Аи өчкөндөи сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
мага бер, деп тилеген беим өзүнө.
Күн тиисе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандаидыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө - аалам боорсуз калгансыит,
Андаи залкар каира качан төрөлөт?
Арманым өрт, аитар сөз көп дээр ичте,
Устатым аи, кеттиң салым кеиишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам беииште.
#аудиокитеп
#кыргызча
#окуялар
#кыргыз
#кыргызстан
#окуя
#2023
#баян
#баяндар
#бишкек
2 окт 2024