Үй-бүлөлүк Медиацияны кандай учурларда колдонсо болот?
БАЛДАРДЫН кызыкчылыктары жана муктаждыктары Үй бүлөлүк медиациянын негизи!
Үй-бүлөлүк медиация ажырашкандан кийин же ата-энеси эки башка жакта жашаган учурда БАЛДАРГА байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам берет: биргелешип тарбиялоо, багуу, жашаган жери жана балдардын жашоо шарты (бала бакча, мектеп тандоо ж.б.).
Мүлк жана каржы бөлүштүрүү.
Мурас бөлүштүрүү.
Муундардын ортосундагы чыр-чатактар:
ата-энелер менен өсүп келе жаткан же бойго жеткен балдардын ортосундагы чыр-чатактар, “муундардын ортосундагы пикир келишпестиктен” мамиленин бузулушу;
үчүнчү муун - чоң энелер жана чоң аталар активдүү позицияны ээлеген чыр-чатактар;
экинчи же үчүнчү муундун чектелген аймактык шарттарда жашоого аргасыз болгон үй-бүлөлөрдө пайда болгон уруштар.
Асырап алынган балдарды камкордукка алуу, асырап алуу жана адаптациялоо маселелери боюнча талаш-тартыштар.
Үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү, никесиз түгөйлөр, суррогат эне ж.б.
26 сен 2024