Биздин каналга катталып,биз менен кошоо ырдап сонун чыгармаларга ортоктош болуңуздар.
Катталуу телефонуңузга зыян алып келбейт,жана салмак кошпойт эң кызыгы катталуу бекер)) тамаша колдооңузга рахмат.
Гүлнара Кахарова
"Балама"
Сөзү : М. Боромбаеваныкы
Обону : К.Таштаналиеваныкы
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.
26 сен 2021