Баланы кимдер сүйбөгөн, Бапестеп багып күйбөгөн. Баласы үчүн жок чыгар, Башына азап үйбөгөн. Тумоолоп калса баласы, Түгөнөт экен аргасы. Берүүгө даяр жанын да, Болсо эгер анын айласы. Кызыгы болбос дүйнөнүн, Кыйналып бала бакпаса. Унутат кыйын күндөрүн, Эмгегин уулу актаса. Элжиреп ойлоп күнү-түн, Эртеңден үзбөй үмүтүн. Ээси болуп жашоонун, Эне-ата жашайт бала үчүн. Балдарым - менин кымбатым, Балдарым - менин сырдашым. Жаралбай калганда алар, Жашамак беле кур башым? Бала деп согот жүрөгүм, Бала үчүн жашап жүрөмүн. Бел байлап мындан ары да, Бала үчүн өмүр сүрөмүн. Бассам да, турсам тилегим, Балдарга өмүр тилеймин. Баарынан күчтүү сезим бул, Бала сүйүү деп билемин.
Номер бир ыр болуптур, комментарий жазбай эле өтүп кете албадым.Абдан маанилүү ыр болуптур, сөзүнө обону дал келген,ал эми Гүлнара Кахарова эжебиз шашпай ырдап, жеткирип ырдаптыр.Рахмат сизге......
Баарлык ..ырчылар сороилор... Ичинен Гульнара аябаи озун жакшы алып балалуу болуп балдарын суироп.кээ биролорго окшоп корсотуп ал эле бул эле бул балам баланчадан туудум эле деп баркын кетирип суилогон жок.Озу да жакшынакаи болуп озун жашына ылаиык болуп келе жатат.Акылдуу таланттуу аял зат ушуну аитыш керек.Балдарын озуно татыктуу бактылуу болушсун.Озун ошолордун ырахатын коруп.озун ырдагандаи балдар деп келе жатасын омурун баисалдуу. Келечекте бактылуу карылыкты берсин.Ырынды таштаба сен ырдаганда Бут энелер ырдагандаи сезилет, 💝🌹🥀
Гульнара кандай сулуу айымсыз ар бир аткарган ырларын тажабац уга бергим келет мык ты апасын онорун оркундой берсин узун омур бактылуу болгула балдарын уйбулон менен 😢😢😢❤❤❤❤❤❤❤
Кандай кана суктанарлуу аялсыз Гулнара эже. Эркек эмес аял суктанат сизге. Мага бир мумкунчулук берилсе , аябай суйлошмокмун, тамшана коздорун карап карап койуп.
Кандай сонун ыр маанисин тушунгон адамдарга рахмат эже ушунчалык ыйлап алдым угуп жатып ата энелерибиз бар болсун омурлору озун болсун ар бир ата эне чонойткон бала чакасынын сый урматын корушсун ылайым)))