Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Жусуп Коргонбай уулу биринчи эле жыйында Ак Үйдөгү дааратканага байланыштуу сын айтты.
Тагыраагы ал эмнеге нааразы болгонун айтып, буларга токтолду. "Жогорку Кеңеш мени дагы эмнеси менен ирээнжитти? Түштөнүү үчүн ашканага барганда мээге соккондой тамагы жок, дааратканасында кагазы жок. Бул эмне деген Ак Үй? Биз биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер чарбалык, Ак Үйдүн ичиндеги иштерибиз ушундай болсо, мамлекеттин акыбалы эртең кандай болот? Мени кечирип коюшсун анча-мынча кишилер, бирок айтууга туура келип жатат", - деди ал.
21 сен 2024