Тёмный
No video :(

ДОБУЛБАС тобу - Биздин айыл - кыргызча караоке тексти менен 

Ыркесе
Подписаться 93 тыс.
Просмотров 37 тыс.
50% 1

🎵 М.Осмоновдун "Биздин айыл" ырын караоке ырдаңыз. Добулбас тобунун аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤ДОБУЛБАС Биздин айыл ырынын үнү жок (минус) варианты • БИЗДИН АЙЫЛ ыры - кырг...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #Биздинайыл #Добулбас #yrkese
======================================================
- "Биздин айыл"-
Сөзү жана обону: М.Осмонов
Аткаруучу: ДОБУЛБАС тобу
---------------------
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Биздин айыл жердин сулуусу, э-э-эй,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Кайырма:
Биздин айыл - биздин сүйүүбүз,
Береке көп толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Ыйык туткан биздин айылдын, э-э-эй,
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Кайырма:
Биздин айыл - биздин сүйүүбүз,
Береке көп толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да, э-э-эй,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Кайырма:
Биздин айыл - биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Опубликовано:

 

20 авг 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 22   
@Yrkese
@Yrkese 2 года назад
М.Осмоновдун "Биздин айыл" ырынын караокеси тексти менен, Добулбас тобунун аткаруусунда. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫
@user-vo3uw8md3f
@user-vo3uw8md3f Год назад
Менинимче ушул ыр сонун алга Кара-Кулжа 👍👍👍👍👍
@guliguli5226
@guliguli5226 3 месяца назад
Биздин айыл толук
@user-sv5ts8it7j
@user-sv5ts8it7j 5 месяцев назад
👍👍👍👍👍
@user-my3ou4yh7j
@user-my3ou4yh7j 8 месяцев назад
❤❤❤❤
@user-fj5gb2xk6p
@user-fj5gb2xk6p Год назад
Сонун ыр экен рахмааат
@user-fj5gb2xk6p
@user-fj5gb2xk6p Год назад
Тамга айылы
@ulanwarweev9583
@ulanwarweev9583 6 месяцев назад
🤗
@user-nd5ri3pg1b
@user-nd5ri3pg1b 10 месяцев назад
❤😮😊
@user-ow4ro7wh1r
@user-ow4ro7wh1r Год назад
Жакшы.ыр❤
@user-ik1yg3qm4s
@user-ik1yg3qm4s Год назад
Сонун экен 🥰🥰
@user-zh3oq4tu2d
@user-zh3oq4tu2d 2 года назад
Эң сонун! Майрамбек Осмоновдун "Сезим" деген ырын күтөм
@Yrkese
@Yrkese 2 года назад
Рахмат. Сунушуңуз кабыл алынды
@Yrkese
@Yrkese 2 года назад
Сезим ыры каналга жүктөлдү
@user-my3ou4yh7j
@user-my3ou4yh7j 8 месяцев назад
❤❤❤
@gdhdhdjjjnnmkf2528
@gdhdhdjjjnnmkf2528 Год назад
👍🏻👍🏻
@kany-cf9xh
@kany-cf9xh 10 месяцев назад
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🔥🔥🔥
@user-CATBAH
@user-CATBAH 11 месяцев назад
Биздин айыл (Караоке) Сөзү: Эдил Маматов Обону: Кубат Тургумбаев Аткаруучу: Ильяз Кудретов
@dianashow4582
@dianashow4582 Год назад
Минусовкасын чыгаргылачы
@jamalcholponova7797
@jamalcholponova7797 8 месяцев назад
Туура жпзгыла сөзүнүн автору акын Абзии Кыдыров
@user-wk1nb8hh8v
@user-wk1nb8hh8v 2 года назад
Минусовкасы керек эле
@Yrkese
@Yrkese 2 года назад
минусовкасы да бар, описаниеде ссылкасы турат
Далее
ЛИЗА - СПАСАТЕЛЬ😍😍😍
00:25
Просмотров 1,8 млн
I'll do it for you!
00:37
Просмотров 2,4 млн
Ilyaz Andash - Ak Chardak
3:26
Просмотров 1,9 млн
ЛИЗА - СПАСАТЕЛЬ😍😍😍
00:25
Просмотров 1,8 млн