Тагдырдын татаал сыноосуна сынбай, чыдап ДЦП балдардын таштап кетпей багып жаткан энелерге терең таазим. Алла Таала Курандын маанисинде ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар деп айтат. Кыйналган күндөр, уктабаган түндөр мунун баарына баа берилип Алла тараптан сизге бейиш берилерин унутпаңыз.
Себеби Куранда Алланын рахматынан үмүтүңөрдү үзбөгүлө деп жазылган. Балким, балаңыз бейишке киргенге сизге себеп болот.
Сиздер чынында күчтүү энесиздер! Дени соо баласын төрөп туруп таштап кеткендерди өз көзүбүз менен көрүп келебиз. Сиздердей мээримдүү, сабырдуу энелер азыр аябай эле аз. Сиздердей энелер бар үчүн бул аалам кармалып турат. Эки дүйнөдө бактылуу болуңуздар!
Лидер умранын" атынан ушул уюштурулган иш-чарага эки умра жолдомо бердик. Буюрса, эмкиси ДЦП бир үй-бүлөгө үй беребиз деген план бар.
Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!
instagram: www.instagram....
tik-tok: www.tiktok.com...
3 окт 2024