Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, адамдын кадыры, өмүрдүн, бакыттын баасы, рухий дүйнөнүн парасаты, даңазанын жүгү тууралуу ойлору менен бөлүштү. Originally published at - www.azattyk.org/a/30458000.html
Агайдын "Агындылар" китебинин биринчисин 1 жарым саат мурда окуп бүттүм... 2- китеби жок болгондуктан эртең эле кайра биринчисин окуп баштайм... Чынында, экинчи китебин алып, баштагандан коркуп жатам, кудай ай, кандай түшүндүрсөм экен, китепти окуп бүткөндөн кийин кайра мындай кереметке жолукпай калчудай болуп, "ачка болуп" калганда окуюн деп 2- китебин окубай тургум келип, запаска кармап тургандагы кербезим... Ар бир кыргызга "Агындыларды" сунуш кылам, сунуш кылмак тургай милдеттендирем... 100 мертебе окуп чыксаң дагы чарчачудай эмессиң. Учурда филология факультетинде 1- курста окуйм, окуу онлайн болуп жатканына байланыштуу азыр айылдамын. Буйруса, шаарга барып, "Агындыларды" жазган кишини бир көрсөм деп армандай берем... Бир классташ кызым айта берет :"Шайлообек Дүйшеев мага бир китебин өз колу менен берген",- деп эле мактана берет. Эч кимге көз артып, сугум түшүп, көрө албастык кылып көрбөгөн жаным, ушул сөзүнө кадимкидей ичим тарый берет. 🤭🤭🤭 Ушул агайдай калеми курч, салмактуу чыгармаларды жараткан акын болгой элем...
Шайлообек аба ден-соолугуңуз таза, өмүрүңүз узун болсун! Акыл эсиңиз өтө таза мыкты инсансыз... Аллахым мындан аркы жашооңузга береке берсин! Оомийин!Бейиш насип этсин!
Жазыңыз күтөбүз сизден ата баба ,Кыргыз дүйнөсүн, көрөңгосун алып жүргөн муундун акыркы өкүлдөрунун бирисиз таштап кетиңиз алыңыздын жетишинче.Ырахмат сизге
Шайлообектей акын жок уккан кулактын кулкусун тазалайт. Эмне деген кыргыздын нукура тили мн жазат. Айтып жеткире албайсын мактоону . Бар бол аман бол коп жаша.
Агындыларды угуп, интернеттен Шайлообек агайдын берген интервьюларын издеп калдым. Канча саат сүйлөсө деле уккандан тажачудай эмессиң. Бар болуңуз Кыргыз уулу!
Орус мектепте окуганда мынчалык деңгээлде Шаке болмок эмес.Балким болбой да калмак.Орус мектеп жок болсо деле орусчаны унутпай билип үйрөнө беребиз.Ошон үчүн орус мектеп жок болсо деле трагедия эмес.