Кыргыз ССРнин илимдер академиясы. Илимпоздор жамааты чыдамсыздык менен өзгөчө бир коноктун келүүсүн күтүп жатышты. Аңгыча көп күттүрбөстөн бою кыска, тоголок жүздүү , жашы сексенди таяп калган, бетинен нуру төгүлгөн аксакал кирип келди. Колунда нечен жылдар бою чогулткан элдин руханий мурасын камтыган кол жазмалар бар эле. Дал ошол баа жеткис кагаздарды илимпоздорго өткөзүп бергени келген. Кол жазмалардын ичинде чоң жана кичи дастандар, элдик уламыштар, табышмактар, кошоктор, төкмө акындардын ырлары, жомоктор, тамсилдер, макал-лакаптар, үрп-адат, санжыра жана тарых боюнча маалыматтар бар эле. Анын ичинде өзү жатка билип, кагазга түшүрүлгөн 98 703 саптан турган “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчүлтигинен үзүндүлөр да орун алган. Мындан сырткары бир эле кыргызга гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнө таандык болгон дастандар да камтылган. 1936-1941 жылдар аралыгында бул карыя илимдер академиясынына улам каттап, кол жазмаларынын баарын өткөрүп берген. Ар тараптуу болгон бул киши ким болду деп ойлошуңуздар мүмкүн. Жамы кыргыз журту бул кишини Тоголок Молдо деген аты менен тааныйт.
31 окт 2024