Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.