Тёмный

Жалал-Абадда аялдар жамаатына экстремизмди алдын алуунун жолдорун үйрөткөн семинар өттү 

Келечек Медиа
Подписаться 2 тыс.
Просмотров 189
50% 1

2024-жылдын 12-июнунда Жалал-Абад облусунда аялдар жамаатына жаштар жана аялдар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, диний агымдардын таасири, диний радикализмге бөгөт коюу жана ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков, теологдор Самаган Мырзаибраимов, Сайфулла Базаркулов тренер катары чыгышты.
Алар диний агымдардын коомго тийгизген таасири, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясы, диний радикализмдин кесепеттери жана Жалал-Абад облусундагы жалпы диний кырдаал жөнүндө кенен айтып беришти.
Белгилей кетсек, семинар Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.
ИИМдин Басма сөз кызматы.
_____________________________

Опубликовано:

 

21 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии    
Далее
How to Install and Use an Adjustable TV Arm
00:18
Просмотров 3,2 млн
Камчыбек Ташиев Кадамжайда
9:24