Жалал-Абад шаарында өткөн аптада үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Гулнара Буркүтовага үй берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков бугун ымыркайлардан кабар алган учурда билдирди жана акчалай колдоо көрсөттү.
Анын айтымында, шаар депутаттары буга чейин үч эмдүү болгон эки үй-бүлөгө батир алып беришкен. Жакында жарыкка келишкен үч эмдер үчүн да батир маселесин чечип беришмекчи.
3 окт 2024