Зайырбек Акындын берген сезимдерин жүрөктөрдү тепчип өткүдөй кайрыктар менен сезимдерди алай- дүлөй бороонго айландырып жиберген Түмөнбайдын чеберчилиги баа жеткис!!!
Тумонбайга кааларым чын-денсоолук,узун омур башында багын,аягында тагын,кызды кыяга,уулду уяга жоноткон ата-лардан болушуна чыгармачылыгын мындан ары да оркундой берсин!!!Сары-Озон Чуй Венера
Тумонбай атана рахмат ука кандай эне туудукен сен ата эне нин жан добушу жалган дуйнонун бейиш багындагы булбул сун адашпасам кооп жаша сендей уул менде жок баарына шукур айта топук кылам элде сендей конур унду инсандар коп босун ылаайым.
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың Дардаңдап боз жар күттүм деген менен Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым Ар дайым мээрим издеп карайладым Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң, Көксөгөн жылуулуку таба албадым. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Карытып пайдасы жок ай-жылдарды, Калдактап кайран өмүр калбырланды. Каалгыйт айланамда бопбоз туман, Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы. Багыты жок жарты кайык, Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Журокту сыздататко, мазмууну ото терен, уккан сайын уккун келет, чыгармачылык ийгилик , уй -булоолук бакыт, дагы коптогон чыгармаларынызды кутуп калабыз...
Түмөнбай эң мыкты обончу жана аткаруучу! Анын ырлары нукура кыргыз жыттанып турат, элибиздин руханий баалуулугу десем жаңылышпайм! Өмүрүң узун,өрушун жайык болсун! Сага жашоодогу бийиктиктерди каалап Эжекен Г.Матиева
АЗАМАТ,Аллахым омур берсин,ээргүүлөрдө,изденүүлөрдө чек болбосүн,талантын өркүндөп,сени ырларынды сүйүп ,күтүп уккан угармандарыңын алкоолорүна ээ болуп жүрө бер.Жолуң дайым ачык болсун!
Асел Ергешовп Асел канчадасын?Жалгыздык бир кудайга жарашат,пенденин оозунда Алланын кулагында дейт!!Асел багынды тилесен Алладан,Алла-таалам жалгыз калтырбайт,башында багын болсун,аягында тагын болсун,кызды кыяга,уулду уяга жоноткон кыздардын бири бол,синдим эч качан башынды жер каратпа. ТОКМОК ВЕНЕРА
Тумонбай талантына таазим...Сенин ырларынды угуп ушунчалык ыраазы болдум .Баардык ырларын ,жашоодон,турмуштан алынган чын журоктон чыккан чыгармалар...Онорун менен ,элге таанылган ,ар бир адамдын журогунон орун алган атак данктуу ,эл журтка кадырлуу ырчы болгун .Сага жана сенин уй булоно Бактылуу жашоо,Бай турмуш,Узун омур жана ден соолугундун чын болушун чын журогумдон каалаймын...
Ырларды ким ырдап чыкса эле ошол ырчынын ыры деп коёбуз да. Ырдын обонун, созун айтып ырдашса жакшы болмок. Мен жакшы коруп угуп жургон ырлардын обону Тумонбайдыкы экенин эми билдим. Ютубдан жалан Тумонбайды издеп, кайра-кайра угам. Сага бекем ден-соолук,иштерине ийгилик каалайм, жана обондорун оболой берсин.🤗
Тумонбай Колдошевдин уну оригиналдуу. Кереметтуу, нукура. Ушул ырыныздын эл арасына тараганына Алтынай Нарбаеванын да эмгеги зор деп ойлойм. Нарбаеванын аткаруусунда озунчо керемет дуйно. Нарбаева ар бир ырдын ичине кирип жашап алган ондуу сезилет. Жакшы чыгармаларыныз учун сизге терен ыраазычылык! Чыгармачылыгыныз оркундой берсин!
Агайдын ырлары 1-2 жыл мурун эле жумурай журтка таанымал болуптурго... А мен эми таанышып олтурам. Кызык... Мезгилден артта калганымды айгинелеген дагы бир факт🤭 Чыгармачыл адамдар таарынчаак болушат эмеспи, анын сыңарындай эл үчүн талантын тартуулаган инсандардын көңүлдөрүн бүркөө булут каптабасын.