Ливанда Израилдин соңку соккуларынан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил коңшу өлкөдө жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын билдирүүдө.
Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган.
Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишип, кылдат көз салып жатканын билдирди. Өзбек бийлик өкүлдөрү окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирүү жүргүзүп аларын айтты.
#ливан #бүгүназаттыкта #өзбекстан #орусия
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
26 сен 2024