Бишкектин башкы аянтында Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы туу илинди. Желектин макулдашылбаган варианты Жаңы жыл күнү көтөрүлүп, сегиз күндөн кийин алмаштырылды.
Ош мэриясы экс-бажычы, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун үйүнүн муниципалдык жерге мыйзамсыз курган тосмосун бузду. Муну журналисттер бир нече жыл мурун айтып чыкканы менен мурдагы бийлик ага тийген эмес.
Орус армиясы Украинага өтө жогорку ылдамдыктагы “Кинжал” ракетасы менен сокку урду. Ал арада Орусиянын Белгород облусунда аткылоолордон улам 300дөй киши эвакуацияланды.
#туу #украина #бүгүназаттыкта
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
12 сен 2024