Көздөрүңдө уктайм сенин
Сөзү Эсентур Кылычевдики
Обону Түмөнбай Колдошовдуку
Көздөрүңдө уктайм сенин,
Карегиңде айланып.
Күүгө батат сезимдерим,
Чоң сүйүүгө арналып.
Кайырмасы:
Көздөр айтат сагынганын,
Көздөр айтат таарынганын,
Көздө жашайт адам тагдыры...
Көздөрүңдө уктайм сенин,
Бермет сымал суудагы.
Бактылуу ыр эсиңдедир,
Сен жана мен тууралуу.
Көздөрүңдө уктайм сенин,
Кусаланган, сагынган.
Кыялдарды өчүрбөгүн,
Баары тагдыр жазылган.
4 окт 2024