5-бөлүм
Гүлбү ызаланганы кетип, уулун багып, оокатка эт бети менен киришкен. Нурсейит талпынып жөрмөлөп калган.
- Нүкү, кана келчи мага, - деди Жумагүл көтөрүп жүргөн уулун.
- Бар, бара гой, апага барчы, - деп Жумагүл колун өйдө кылды.
- Бу-ув, аба-аба, бу-ув, - деп талпынып калганда, Гүлбүнүн эбедейи эзиле өпкүлөп жатты.
- Ырысым го менин, аскар тоом го?
- Оо, кызым уулун аскар тоо кылып, атаны унутуп калган го? - деп күлүп, келе жатты Турдубек, - Мени таарынтып алдың кызым. силерди көргөндө апаң экөөбүздүн да кубанычыбыз койнубузга батпай эркелетип, бирибизден-бирибиз талашып жатчубуз.
Жесир чыгарманын электрондук версиясы 100 сом
wa.me/996702303503?text=%D0%9...
18 апр 2024