Облус аймагында баардыгы 192 мектеп болсо алардын 122 Бирге окуйбуз долбооруна кирген, бүгүнкү күндө долбоорго кирген мектептерде атайын иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. USAID дин Бирге окуйбуз долбоору боюнча башталгыч класстардын мугалимдери 40 сааттык программа менен окушуп долбоору боюнча бир катар иштерди алып барууда. 2015-2016 окуу жылында долбоорго Жети Өгүз районундагы Жеңиш айылындагы Бейшембек Үкүев атындагы орто мектеби дагы кирген. Бүгүнкү күндө долбоорго башталгыч класстардын окуучулары тартылса, 9 мугалим иш алып барууда. Башталгыч класстардын мугалимдери атайын долбоордун негизинде окуу семинарларды уюштуруу менен ачык сабактарды өткөрүшөт.
12 сен 2024