Назарыңыздарга 2019-жылдын 20-октябрында Казакстан республикасынын Алматы шаарында өткөн Жаштар көкбөрү лигасынын алкагындагы Азия турниринин экинчи оюнунун тартуулайм. Бул оюнда Кыргызстандын “көкбөрү-кж” командасы менен Казакстан Мамлекеттик Университетинин командасы беттешти.
Көкбөрү оюну ЖКЛдин эреже алкагында өтүп, талаага үчтөн оюнчу чыгып, 5 мүнөттөн үч тайм оюн көрсөттү. Бул оюнда “Көкбөрү_кж” командасынын аттары Бишкектен Алматыга бара турган күнү авто унаа бузулуп калганына байланыштуу, оюнчулар аттары жок барышып, ЖКЛ сунуштаган аттарды миништи.
Кыргыз көкбөрүчүчүлөрү алгач тааныбаган аттарды минген соң, алардын эбин табуу кыйынга турду. Оюнчулар үчүнчү таймда гана жеке тажрыйбанын артыкчылыгынын айынан аттардын табында эмес экендигине карабай утуп алышты.
Оюн мен үчүн да чыңалуу болгон үчүн, жөн гана камерага тартып туруу оңойдун иши болгон жок, андыктан техникалык мүчүлүштүктөр болуп, айрым салымдар жакшы тартылбай калганы үчүн кечирим сурайм жана туура түшүнүүңүздөрдү өтүнөм.
30 сен 2024