Атылып чыгып жүрөктөн, Ачылды ички сырларым. Атыңды сенин жашырып, Ак Бакай деп ырдадым. Көздөрүңдү тиктесем, Көктөгү Чолпон жылдыздай. Чачтарыңды карасам, Килемге жапкан кундуздай. Колдоруңду тиктесем, Колотто замби чыбыктай. Боюңду сенин байкасам, Кол тийбес мазар ыйыктай. Карлыгач канат кашыңдан Казактан чыкпас асыл жан. Кыргыек канат кашыңдан Кыргыздан чыкпас асыл жан. Кызылдан жолук башыңдан Кылыгың артык асыл жан. Аркардай мүчөң келишкен Айлымдан чыккан периштем. Эликтей мүчөң келишкен Элимден чыккан периштем. Жагалмай куштай таранган Жоодурап күзгү каранган. Жалын чок салып жүрөккө Жоругуң кетпейт санаамдан. Кыргыек куштай таранган Кылгырып күзгү каранган. Кызыл чок салып жүрөккө Кылыгың кетпейт санаамдан. Балалык жаштык дооруң бар, Базардан кызык ойнуң бар. Козгогон көңүл ышкысын Кош алмаң бышкан койдуңдан. Жаагындан түшкөн саамайың, Калтардын тал-тал жүнүндөй. Тамаша кылып бир турсаң, Таң атканы билинбей. Салкындап бассаң иреңиң Саардагы чолпон жылдыздай. Адамдан нускаң бир бөлөк, Арманда калган тургузбай. Кубуласың, сүйлөйсүң, Куйруктуу сары жылдыздай. Сунган менен кол жетпейт, Суу түбүндө кундуздай. Үмүт отуна күйгүзүп, Жандырасың Ак Бакай. Кайра үмүттү өчүрүп, Маң кыласың Ак Бакай. Эркин өскөн жайлоодо Тайдай болдуң Ак Бакай. Кол жетпеген көктөгү Айдай болдуң Ак Бакай. Суксурдай болгон мойдуңдан Суктанткан ширин койнуңдан. Суюлуп жылдыз баратса, Суурулуп чыксам койнуңдан. Өрдөктөй болгон мойнуңдан Өзгөчө таттуу койнуңдан. Өзгөгө сени бергиче Өлүгүм чыксын койнуңдан.