27-июнь күнү Жумгал районунда Көкөмерен дарыясына агып кеткен кыздын сөөгү табыла элек.
Райондун Чоң-Арал айылындагы Көкөмерен суусуна 2 кыз жана З.Т. аттуу аял агып кеткен. Адамдар 2015-жылы туулган А.Ч. аттуу кызды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аны Бишкектеги ооруканага алып кетишти.
Сууга агып кеткен аялдын сөөгү 28-июнь күнү табылган. 2012-жылы туулган С.М. аттуу кызды издөө иштери улантылып жатат.
30 сен 2024