ЖҮРӨК ЗАРЫ
Сөзү: Обону: Турдакун Айса
Бал жуттум, балдай таттуу болбой койду,
Уу жуттум, уудай ачуу болбой койду.
Дүнүйөң , кетикчилик сыяктанып,
Балга да, ууга дагы толбой койду.
Бал жуттум, уу жуттум, шарап жуттум, суу жуттум,
Баары бирдей дабаа болбой ,айлам кетип буулуктум.
Дүнүйөң , кетикчилик сыяктанып,
Балга да, ууга дагы толбой койду.
Асылдар асылдарча болбой койду,
Ак куулар көлгө келип көнбөй койду.
Дүнүйөң , кетикчилик сыяктанып,
Деңизден сузсам дагы толбой койду.
Каректен кан акса да азап менен,
Калп эле мен өзүмдү жасап келем.
Карындаш , кандай жансың таштан бүткөн,
Кайгынын туманында жашап келем.
Бал жуттум, уу жуттум, шарап жуттум , суу жуттум,
Баары бирдей дабаа болбой,
Айлам кетип буулуктум.
Карындаш , кандай жансың таштан бүткөн ,
Кайгынын Туманында жашап келем.
27 апр 2023