Тёмный

"Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” аймактардагы 500 айымга "Санарип Туризм" боюнча окууларын өткөргөн 

Internet Society Kyrgyz Chapter
Подписаться 1,6 тыс.
Просмотров 4
50% 1

Жалпысынан 20 аймактан 500дөн ашык айым өздөрүнүн билимин жогорулатып, санарип туризм артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн конок үйүн алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттарга ээ болушту.
Аймактардагы катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясы боюнча санариптик билимге, Instagram, Facebook, Whatsapp Business мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды колдонууну, Google Maps, 2GIS карталарында конок үйлөрүн кантип белгилөө керектигин, Booking.com, AirBnB бөлмөлөрдү ээлөө платформаларында кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сын пикир веб-сайтын жана ошондой эле WebPMS Travelline мейманканасын башкаруу системасы менен иштөөнү үйрөнүштү.
Алынган көндүмдөр катышуучуларга туристтик жайларга көбүрөөк туристтерди тартууга мүмкүндүк берет, кирешесин көбөйтөт. Бул өз кезегинде айылдагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана аймактардагы жашоочулардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
“Санариптик туризм платформалары аркылуу аялдардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу” долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан каржыланууда. Бул жерде айтылган көз караштар, корутундулар же сунуштар автордуку жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз карашын чагылдырбайт.
#isockg #usembassykg

Опубликовано:

 

20 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии    
Далее
Үйдөгү ирээттүүлүктүн сыры
27:05
"Муңайба Адеми" ырынын тарыхы
18:20