Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара И. Арабаевдин айкелине гүл коюу аземи менен башталды. Университеттин бардык институттарында жана факултьтеттеринде Билим күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Японтаануу институту тарабынан студенттер үчүн тайко барабандарынын жандуу ойнолду. Бул өзгөчө атмосфера жаратып, келген конокторду таң калтырды. Ошондой эле, музыкалык номерлер тартууланып, институттун ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
5 окт 2024