Каакымдын дарылыгы. Каакымдан жасалган дарылар боордун өнөкөт оорусунда жана бөйрөктүн сезгенүүсүндө колдонулат. Ошондой эле холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муундар оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Каакымдын жалбырагынын курамында каротин, С витамини, никотин кислотасы, кальций, калий, марганец, темир, фосфор бар.
Чалкан кандын уюу деңгээлин жогорулатып, гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандагы кантты азайтат. Мындан тышкары заара кубалоочу, жараны бат айыктыруучу, организмди чыңдоочу касиетке ээ. Кан агууну токтотууда, анемияда, атеросклероздо, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында, геморройдо, кургак учукта колдонулат.
28 апр 2020